Москвада COVID-19га каршы кайра эмдөө башталды

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүКоронавируска каршы эмдөө пунктта кыздар
Коронавируска каршы эмдөө пунктта кыздар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Жазылуу
Жай турмушта кайсы бир вируска каршы вакцинаны жылына бир ирет алса болот. Бирок азыркыдай кырдаалда дарыгерлер жарым жылда бир жолу эмделүүнү сунуштайт.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Москвада 1-июлдан тарта коронавируска каршы кайрадан эмдөө башталды. Бул тууралуу калаа мэри Сергей Собянин өзүнүн блогуна жазды.
Анын айтымында, Москвада массалык түрдө эмдөө былтыркы жылдын декабрь айында башталган.
"Коронавируска каршы калыптанган антителонун деңгээли төмөндөп бара жатса эмне кылуу керек? Кайрадан вакцина алып, иммунитетти бекемдөөнүн зарылдыгы барбы? Жай турмушта кайсы бир вируска каршы вакцинаны жылына бир ирет алса болот. Бирок азыркыдай кырдаалда дарыгерлер жарым жылда бир жолу эмделүүнү сунуштайт", — деп жазды ал.
Москвада мигранттар вакцина алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Москвада мигранттар вакцина алууда. Эмдөөнүн жүрүшүнөн репортаж
Маалыматка караганда, жарым жылда адам антителосунун жогорку деңгээлде экенине карабай вакцина алуусу керек. Бул катарга мурда эмделгендер дагы, жакында эле ооруп айыккандар дагы кирет.
"Учурда Москвада "Спутник V" (эки компоненттүү) жана "Спутник Лайт" (бир компоненттүү) вакциналары бар. Жарандар экөөнүн бирөөсүн мурда кайсынысы менен эмделгенине карабай ала берсе болот", — деди Собянин.
Мэр өзү экинчи ирет эмделгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0