Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүКөлгө түшүп жаткан адамдар. Архив
Көлгө түшүп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
3-июлда Кыргызстанда ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Ишембиде өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +31…+36, Талас өрөөнүндө +30…+35, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Ысык-Көл аймагында +27…+32, Нарын чөлкөмүндө +21…+26 градус ысыйт.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +34…+36, Ошто +36…+38, Чолпон-Ата шаарында +27…+29 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0