Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кермакунова: самын да спортчуну допинг колдонгондой көрсөтүп коюшу мүмкүн

© Sputnik / Асель СыдыковаУлуттук допингге каршы борбор" дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова
Улуттук допингге каршы борбор дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2021
Жазылуу
Улуттук допингге каршы борбор" дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова Токио Олимпиадасына катыша турган кыргызстандык спортчулар кызытма колдонууга каршы күрөшүүдө бардык нормаларды толук аткарганын айтты.

Олимпиадага даярданууда 41 спортчу жана алардын машыктыруучулары, дарыгерлери Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) койгон талаптарына жараша кеп-кеңештерди алышты. Мындай маалыматты Нургүл Кермакунова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кермакунова: самын да спортчуну допинг колдонгондой көрсөтүп коюшу мүмкүн

Анын айтымында, аталган борбор Олимпиада оюндарына кеткен спортчулардын мелдешке чейинки убакта допинг колдонбогонуна кепилдик берет.

"Улуттук антидопинг борборунун" негизги иши - спортчуларды Токио Олимпиадасына даярдоо болду. Анын маанилүү бөлүгү спортчуларды маалыматтык жактан камсыздоого кетти. Анткени такталбаган кабарлар туура эмес тандоолорду, чечимдерди чыгарууга жол ачат. Ири спорттук мелдешке даярданууда 41 спортчу жана алардын машыктыруучулары, дарыгерлери, персоналдары Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) койгон талаптарына жараша кеп-кеңештерди алып, бардык нормаларды туура аткарышты. Допингге каршы санарип окуу системасынын базасында спортчулар тиешелүү эскертмелерди алып, окуудан өткөн соң атайын сертификатка ээ болушту. Спортчулар мелдешке кетер алдында ата-энеси, туугандары, достору менен жакындан кучакташып узатууга эки жума эрте тыюу салдык. Анткени бул биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз болгондуктан өбүшүп, кучакташып коштошуу көп кооптуулукту жаратышы ыктымал. Мисалы, эмоционалдык жактан алганда спортчу тыюу салынган заттарды колдонбогон учурда да гормоналдык өзгөрүүлөргө дуушар болуп, көрсөткүч тиешелүү ченемден ашып кетиши мүмкүн. Ал тургай Олимпиада учурунда допингге текшерүүдөн өтөр алдында колун самындап жууп алса да гормондор өзгөрүп, анализи туура эмес чыгып калуу коркунучу бар", — деди Кермакунова.

Ошондой эле адис спортчулар Олимпиадада ар бир деталга көңүл буруп, өзүн этият, тыкан алып жүрүүсү талап кылынарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0