Каттоодо турчу. Бишкекте 31 жаштагы Темирбек Шермат уулу изделүүдө

© Sputnik / Макс ВетровКөчөдө бараткан адам. Архив
Көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Жазылуу
Эркек киши эки жума мурун үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Милиция ал Республикалык психикалык ден соолук борборунун каттоосунда турганын белгиледи.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкекте 31 жаштагы Темирбек Шермат уулу изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / УВД Ленинского районаИзделип жаткан Темирбек Шермат уулу
Каттоодо турчу. Бишкекте 31 жаштагы Темирбек Шермат уулу изделүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Изделип жаткан Темирбек Шермат уулу

Ага ылайык, 18-июлда милицияга анын атасы арыз жазып, таап берүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, уулу 15-июль күнү саат 11:00дөр чамасында борбордогу Лесхозная көчөсүндөгү үйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Учурда кайда жүргөнү белгисиз.

Милиция кызматкерелри. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021
Билгендер кабарлап койгула. Милиция Орокто асылган кишини таануу боюнча кайрылды
Анын бою 180-185 сантиметр, арыгыраак, чачы кара, көзү күрөң, мурду кырдач. Үстүнө кара футболка, астына кара спорттук шым жана кызыл жеңил бут кийим кийип жүргөн.

Милиция Темирбек Шермат уулу Республикалык психикалык ден соолук борборунун каттоосунда турганын белгиледи.

Жоголгон кишини көрүп-билгендер болсо 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000 жана 102 номерлери аркылуу милицияга кабар берсе болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0