Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өлкөдө 40тан ашык иш-чара өтөт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкекте Эгемендүүлүк күнүндө кыз балмуздак жеп жатат. Архив
Бишкекте Эгемендүүлүк күнүндө кыз балмуздак жеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Борбор калаада аскер, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, манасчылардын фестивалдары боло турганы айтылды.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өлкөдө 40тан ашуун иш-чара өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттин юбилейлик датасын белгилөө боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинде иш-чаралар эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш экенин белгиледи
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата өлкөдө 40тан ашык иш-чара өтөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттин юбилейлик датасын белгилөө боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинде иш-чаралар эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш экенин белгиледи

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттин юбилейлик датасын белгилөө боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесинде иш-чаралар эпидемиологиялык талаптарды эске алуу менен өтүүсү тийиш экенин белгиледи.

"Быйыл биз Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдайбыз. Бул майрам ар бир кыргызстандык үчүн өзгөчө маанилүү даталардын бири. Майрамдоого арналган иш-чараларда коомдук коопсуздук камсыздалып, эпидемиологиялык талаптар сакталышы керек", — деди Марипов.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата борбор калаада аскер, эмгекчилердин парады өтүп, облустарда театралдаштырылган оюндар, концерттер, төкмө акындар айтышы, сүрөт көргөзмөлөрү, дизайнер жана кол өнөрчүлөрдүн, манасчылардын фестивалдары боло турганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0