Эркин күрөш балбаны Айаал Лазарев Олимпиадада АКШлык спортчу менен таймашат

© Фото / Кабыл МакешовЭркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев. Архив
Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Жазылуу
Бүгүн, 4-августта, эркин күрөш боюнча эң оор, 125 килограмм салмактагы балбандар таразага түшүп, чүчү кулак кармашты.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Олимпиада-2020 мелдешинин баштапкы этабында АКШлык балбан менен күрөшөт. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясы билдирди.

Япониялык балбан кыз Юкако Каваи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Алтынга бир кадам! Айсулуу Тыныбекованын финалдагы каршылашынын таржымалы
Бүгүн эркин күрөш боюнча эң оор, 125 килограмм салмактагы балбандар таразага түшүп, чүчү кулак тартылды.

Айаал Лазарев эртең, 5-августта, мелдештин 8/1 этабында америкалык Гейбл Стивесо менен күрөшөт. Оюндар 08:00дө башталат. Мелдешти КТРК Спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Оор салмактагы кыргызстандык балбан быйыл Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азиялык лицензиялык мелдеште Олимпиадага жолдомо алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0