Дастан Шаршеев OPEN FC лигасынын Бишкектеги мелдешинде беттешке чыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык мушкер, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев. Архив
Кыргызстандык мушкер, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2021
Жазылуу
OPEN Fighting Championship 8 мелдеши 14-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болот.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер, кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону Дастан Шаршеев OPEN FC лигасынын Бишкекте өтүүчү мелдешинде октагонго чыгат. Бул тууралуу мелдешти уюштуруудагы өнөктөш "Батырбашы" мушкерлер уюмунун негиздөөчүсү Дамир Батырбашиев билдирди.

Мелдешке суусаган балдар. Көлдөгү уруш өнөрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
Мелдешке суусаган балдар. Көлдөгү уруш өнөрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты видеодо
Кыргызстандык мушкер өзбекстандык атлет Мавлон Кахаров менен кармашат. Шаршеев ММА спортунда 22 беттеш өткөрүп, 19 атаандашын уткан. Ал эми анын атаандашы 16 таймаштын 12синде жеңишке жеткен.

OPEN Fighting Championship 8 мелдеши 14-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо саат 18:00дө башталат.

Уюмдун алгачкы гран-при мелдешинин финалына кыргызстандык мушкер Алимардан Абдыкааров чыгат. Ага армениялык Айк Казарян атаандаш болот.

Турнирде ошондой эле, лиганын жарым жеңил салмак категориясындагы кыргыз мушкери Бакытбек Дүйшөбеков менен бразилиялык Бруно Роверстин чемпиондук наам үчүн таймашы болот.

Спорттук ири иш-чараны Бишкекте өткөрүү чечимин промоушендин жетекчилиги кыргызстандык мушкердин гран-при мелдешинин финалына чыкканы үчүн кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0