Кыргызстанда маяна, жашоо минимуму 2000-жылдан бери кандай өзгөрдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовКонвертке салынган жүз долларлык жана беш миң сомдук купюралар. Иллюстративдик сүрөт
Конвертке салынган жүз долларлык жана беш миң сомдук купюралар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Инфограмда 20 жыл ичиндеги маалыматтын бардыгы көрсөтүлгөн эмес. 2000, 2005, 2010, андан кийин 2014-жылдан 2020-жылга чейинки сандар камтылган.

БИШКЕК, 9-авг.— Sputnik. Улуттук статистикалык комитет кыргызстандыктардын 2000-жылдан 2020-жылга чейинки маяна акысы менен жашоо минимуму кандай өзгөргөндүгү тууралуу маалыматты жарыялады.

Белгилей кетсек, бул жерде 20 жыл ичиндеги маалыматтын бардыгы көрсөтүлгөн эмес. 2000, 2005, 2010, андан кийин 2014-жылдан 2020-жылга чейинки сандар камтылган.

Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Медиктердин айлыгын көбөйтүү үчүн 1,6 миллиард сом бөлүндү
Улуттук статистикалык комитет билдиргендей, 2000-жылдан бери айлык орточо эсеп менен алганда 15,4 эсеге өскөн. Тагыраагы, 1 200 сомдон 19 миңге чейин көбөйгөн. Бул жылдар аралыгында жашоо минимуму 1 400 сомдон 6 000 сомго чейин көтөрүлгөнү айтылды.

Белгилей кетсек, сунушталган маалыматтарды карай келгенде, 2005-жылы жашоо минимуму орточо айлык маянадан көп болуп кеткенин байкоого болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0