Кытай менен Россияга айбатпы? АКШда аскер-деңиз машыгуулары башталды

© Фото / U.S. Navy / Petty Officer 2nd Class Jason IsАКШ флотунун күчтөрү. Архив
АКШ флотунун күчтөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Беш флот, миңдеген моряк, ондогон аскердик кеме жана суу түбүндөгү кайыктар — Кошмо Штаттарда 40 жыл ичиндеги эң ири аскердик-деңиз окуулары – Large Scale Exercise 2021 (LSE) старт алды.

Машыгуулар 17 саат алкагында эки аптага созулат, бул Пентагон үчүн да көптүк кылат. Муну менен аталган держава Россия жана Кытайга америкалык флоттун күчүн ачык көрсөтүүнү көздөйт деген пикирдеги Андрей Коцтун баяндамасы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Машыгуулардын сценарийи дүйнө жүзүндөгү болжолдуу душмандарынын баарына АКШнын глобалдык каршы турушун камтыйт. Америкалыктар бардык жаңы тактикалык жана стратегиялык ыкмаларды аткарып, кемелер менен палубалык авиацияны өз ара айкалыштырууну өздөштүрүп, соңку үлгүдөгү курал жана техникаларды иш жүзүндө текшерип көрүшмөкчү.

Адмиралдар бир эле убакта бир нече аймакта аракет эте аларын далилдегиси келет. Бул иш-чарага америкалык Аскердик-деңиз күчтөрүнүн кемелеринин бардык түрлөрү: авиаташуучулар, ракеталык крейсерлер, эсминецтер, суу түбүндөгү кайыктар, тик учак ташуучулар, калкыма док (техникалык флоттун кемелерди оңдоочу курулушу), беш ыкчам флоттун жана деңиз пехотасынын үч экспедициялык дивизиясынын отуз алты вымпели тартылган. Учкучсуздар жана деңиз авиациясынын активдүү колдонулары да болжонууда. Атап айтканда, "Карл Винсон" авиаташуучусу "палубачы" катары F-35С истребителдери менен алгач ирет деңизге чыкты.

Машыгуулардын географиясы да кеңири, аткарыла турган милдеттери да арбын. Аскердик окуулар Атлантика, Тынч океан, Түштүк Кытай, Чыгыш Кытай, Кара деңиз жана Жер ортолук деңизде өтөт. Командачылыктын негизги максаты — кеме бирикмелеринин ортосундагы өз ара аракетти жөнгө салуу, маалымат алмашуунун ынанымдуу каналын түзүү, суу бетиндеги, суу түбүндөгү жана аба күчтөрүнүн ишин координациялоо.

АКШнын AGM-183A гиперүндүү ракетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2021
Баасы асман чапчыган америкалык ракеталардан майнап чыкпады. Сереп
Ошондой эле бөлүштүрүлгөн деңиз операцияларына, шарттуу душмандын жээктерине жакын алдыңкы базаларды түзүп жана аракет этүүгө машыгышат. Кызыктуу бир жагдай: америкалыктар деңиздеги согуштун негизги каражаты катары бир кишилик сокку уруучу авиаташуучулар тобунан акырындап баш тартат.

АКШ флотунун күчтөрүнүн командачылыгынын (US Fleet Forces Command) башчысы адмирал Кристофер Грейди сокку уруучу авиаташуучулар тобу эми ири түзүмдүн курамында бирдиктүү жетекчиликтин алдында болмокчу. Негизги роль андан азыраак бирикмелердин шыбагасына тиет.

"Биз сокку уруучу авиаташуучулар тобун пайдалануунун стратегиясын жана тактикасын дурус өздөштүрүп калдык, — деди журналисттерге Ньюпорттогу аскердик-деңиз колледжинин профессору Жеймс Холмс. — Окууларда чакан кемелердин мобилдик топторуна басым жасалат. Алар милдеттерин өз алдынча да, башка бирикмелер менен да майнаптуу аткара алышат. Бул топтор салгылашта жоготуулардан кийин да согушуу жөндөмүн сактап калууга тийиш. Бул мааниде биз Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы ыкмага кайтабыз. Ал кезде бизде арзан жана жетишинче таасирдүү кемелер көп эле. Бир бөлүгүнөн биз ажырап калдык, бирок флот жалпысынан согушка жөндөмдүүлүгүн сактап турган. АКШнын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн жоготууларга даярдыгы — биздин атаандаштар үчүн ооздуктап туруучу орчундуу фактор".

Глобалдык максаттар

Талдоочулардын пикиринде, Large Scale Exercise окуулары эл аралык аренада Вашингтондон көз каранды болбогон саясатты жүргүзүүгө аракет кылган өлкөлөргө, биринчи кезекте Россия жана Кытайга багытталган. Уюштуруучулардын өздөрү деле муну жашырышпайт.

Машыгуунун айрым баскычтары Крымдын айланасында жана Тайвань жээктерине жакын өтөрүн эске алсак, америкалык моряктар россиялык жана кытайлык аскерлердин кыжырына тийүүдөн да артка кайтышпастыгын боолголоого болот. Демек, Кара деңиздеги Defender британиялык эсминеци менен болгон июнь окуясы сымал чагымчылдыктар да болушу ыктымал. Ошону менен бирге эле эксперттер бул машыгуулар негизинен глобалдуу максатты көздөгөнүн белгилешет.

Ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Х-95 гиперүндүү ракетасы: россиялык жаңы табылганын мүнөздөмөлөрү
"Албетте, Пентагон беш флотту моряктардын машыгуусу үчүн гана жөнөткөн жери жок, — деп түшүндүрөт РФтеги Аскердик илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Сергей Судаков. — Ушул үчүн эле Вашингтон мынчалык масштабдуу машыгууларга чыгым болмок эмес. Кошмо Штаттар өзүнүн дүйнөлүк артыкчылыгынын жаңы үлгүсүн түзүү далалатында. Байкасаңар, LSE окууларына америкалыктар гана катышууда, НАТОнун бөлөк өлкөлөрү чакырылган эмес. Бүт дүйнөгө да, союздаштарына да АКШ каалаган душманы менен жалгыз күрөшө ала турган планетадагы эң алдыңкы аскердик күч экенин көрсөтүүгө белсенген". Анын айтымында, аскердик-деңиз күчүн элге көрсөтүүгө мындай оңтойлуу учур көптөн бери Вашингтондун колуна тие элек болчу. АКШ параддарды өткөрбөйт, Жакынкы Чыгыш жана Афганистанда флот толук күчүн көрсөтүүнүн ыңгайы болгон эмес. Анан да өлкөнүн саясий бедели Дональд Трамптын НАТО өлкөлөрү менен урушу, президенттик шайлоонун шектүү жыйынтыгы, BLM жаңжалдарынын айынан кыйла начарлай түшкөн. Судаков аскердик деңиз күчүн көрсөтүү менен бүт дүйнөгө алар мурдагыдай эле оюнда экенин далилдөөгө тырышууда деп эсептейт.

Катачылыктарды жоюу

Албетте, бул жападан жалгыз максат эмес. Июль айында Штаб жетекчилеринин бирдиктүү комитетинин төрагасынын орун басары Жон Хайтен мурдагы жылкы аскердик оюндардын жыйынтыгын ачыкка чыгарган. Тайвань үчүн Кытай менен согушка машыгышкан. Генерал америкалык күчтөр виртуалдык жаңжалдан абдан чоң эсеп менен утулушканын моюнга алган.

"Шарттуу душман ондогон жылдар биздин согуш ыкмаларыбызды изилдеген, качан кандай чара көрөрүбүздү жакшы билет", — деп баса айтат Хайтен.

Разминирование восточных районов сирийского города Алеппо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Россияда аскердик роботтордун үлүшү төрт жыл аралыгында 30 пайызга жетет
Генералдын айтымында, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн талуу жери — аскердик жогорку технологиялардан: спутник, ыраак аралыкка багытталган таамай курал, кибер куралдардан, радиоэлектрондук күрөш каражаттарынан көз карандылыгы. Соңку он жылдыктардагы жаңжалдарда америкалыктар технологиялык багытта алда канча чабал душман менен бет келишкен. Заманбап байланыш жана ыкчам маалымат алмашуу каражаттарын чектөөсүз пайдалана алышы ага эбегейсиз артыкчылык берген. Хайтендин пикиринде, Россия жана Кытай Пентагонго маалыматтык чөйрөдө үстөмдүк кылуу канчалык маанилүү экени маалым. Азыр Москва жана Пекин Вашингтонду бул көзүрүнөн кур жалак калтырары ажеп эмес.

Генерал ири масштабдуу согушта орустар менен кытайлыктар америкалык спутниктерди, ыраактан радиолокациялык кармоочу учактар жана байланыштын жердеги түйүндөрүн болушунча иштен чыгарып, жок кыларын айтат. Машыгууда виртуалдык Кытай душманын көз ачырган эмес. Америкалыктар ошондон бүтүм чыгарып, Large Scale Exercise машыгууларына күчтүү армияга да маалыматтык үстөмдүк кылууну камсыздай турган көнүгүүлөрдү кошкон.

Анткен менен Москва жана Пекин океан ар жагындагы адмиралдардын бардык тактикалык жана стратегиялык соңку үлгүдөгү саамалыктарын тыкыр талдап жана машыгууларына үңүлө көз салары талашсыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0