COVID: Бишкек жана Чүйдүн ооруканаларында канча бош орун бар

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевОоруканадагы бейтаптар бөлмөсү. Архив
Ооруканадагы бейтаптар бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.08.2021
Жазылуу
Бишкек шаарында эң көп бош орун Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада. Учурда бул жерде 94 керебет бош.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкекте жана шаардын жака-белинде коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 482 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалымат бүгүн, 9-август, саат 10:00гө карата берилди:

  • Улуттук госпиталь: урология корпусу — 20;
  • Улуттук хирургия борбору — 18;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 94;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 42;
  • Улуттук кардиология борбору — 14;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 34;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 46;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 25;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 58;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 62;
  • Аскердик госпиталь — 20;
  • Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор — 20;
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 29.
Жаңылыктар түрмөгү
0