Башкы прокуратура Кыргызстандагы "эң популярдуу" кылмыштын түрүн атады

© Sputnik / Жоомарт УраимовБашкы прокуратуранын имараты. Архив
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Жазылуу
Буга чейин Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын маалыматтарына таянуу менен 2021-жылдын январынан июнь айына чейин былтыркыга салыштырамлуу кылмыштын саны бир жарым эсеге өскөнүн кабарлаган.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Акыркы статистикалык маалыматтар боюнча, уурулук Кыргызстандагы эң көп жайылган кылмыш бойдон калууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгынын кылмыш жана укук статистикасы, анализ жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Эмил Чамбаев билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековБашкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгынын кылмыш жана укук статистикасы, анализ жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Эмил Чамбаев
Башкы прокуратура Кыргызстандагы эң популярдуу кылмыштын түрүн атады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгынын кылмыш жана укук статистикасы, анализ жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Эмил Чамбаев

Ал Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Башкы прокуратура Кыргызстандагы кылмыштуулуктун өсүшү тууралуу" аттуу брифингге катышты.

"Уурулукка өзүнчө басым жасалат. Кылмыштын бул түрү республикада кеңири жайылган. Эгер сандар менен айта турган болсок, быйыл 9 543 арыз түшкөн. Башка кылмыштардын биринде дагы мындай көрсөткүч жок", - деди Чамбаев.

Анын айтымында, быйыл катталган уурулуктун жарымынын бети ачыла элек (4 819).

Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын маалыматтарына таянуу менен 2021-жылдын январынан июнь айына чейин 23,5 миң кылмыш катталганын, бул өткөн жылдын ушул эле убагына салыштырмалуу бир жарым эсеге көп экенин кабарлаган. Чамбаев бул боюнча дагы брифинг учурунда түшүндүрмө берди.

Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Чогуу жашашкан. Чүйдө эркек адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, үйү өрттөлгөн
"2020-жылдагы кырдаал баарыңыздардын эсиңиздерде. Пандемиядан улам өзгөчө кырдаал режими, коменданттык саат жана башка чектөөлөр киргизилген. Көңүл ачуучу жайлар, соода борборлор иштеген эмес. Бардык жерде блокпосттор турду. Мунун баары 2020-жылдагы кылмыштардын санына таасир этти. 2021-жылы чектөөлөр болгон жок. Бул кылмыштуулуктун өсүшүнүн бир себеби. Мындан сырткары, пандемия учурунда көптөр ооруду, алардын арасында кылмышкерлер да бар. Адегенде алар кылмыш кыла алышкан жок. Кылмыштуулук – бул динамикалык көрсөткүч, ага дайыма көп фактор таасир этет", - деди Чамбаев.

Ошондой эле ал жыл сайын бир эле сан кайталана бербей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0