16-августта Бишкектин бир катар аймагында электр жарыгы жок болот. Тизме

© AFP / JOEL SAGETЛампочка. Архив
Лампочка. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жазылуу
Бул пландык өчүрүү. Монтаждоо тобу трансформатордук көмөк чордондорду жана турак үйлөргө кеткен чубалгыларды оңдойт.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Эртең, 16-августта, Бишкектин айрым райондорунда электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Аймактардын тизмеси:

  • 9:00дөн 12:00гө чейин — Тоголок Молдо жана Ташкент көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө;
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Шевченко көчөсүндөгү №27 турак үйдө;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Үмөталиев көчөсүнүн айрым жерлеринде жана Арча-Бешик конушунда (Ойсул-Ата, Кызыл-Адыр, Абдрахманов, Набережная көчөлөрүндө);
  • 9:30дан 17:30га чейин — Кара-Дарыя, Жантөшев, Шүкүров көчө бөлүктөрүндө, Ясенский, Кой-Таш кууш көчөлөрүндө жана Тыныстанов көчөсүндөгү №8 турак үйдө;
  • 9:30дан 19:00гө чейин — Тоголок Молдо, Васильев, Орозбеков, Щербаков, Гражданский көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө жана Чүй проспектисиндеги №111, 113, 115А турак үйлөрүндө, ошондой эле Алтай жана Миң-Булак кууш көчөлөрүндө;
  • 11:00дөн 15:00гө чейин — Бөкөнбаев, Матросов, Раззаков көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө;
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — Гагарин, Юдахин, Бакаев көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрүндө жана Ала-Тоо конушунун Ара-Кол, Кара-Алма, Талды-Булак көчөлөрүндө.
Жаңылыктар түрмөгү
0