Талибан кыймылынын согушкерлери - Sputnik Кыргызстан

Талибдер жеңишке жеттиби? Афганистанда учурда эмне болуп жатат

Жазылуу
Афганистанда абал курчуп баратканы байкалууда, "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Мазари-Шариф жана Джелалабад шаарларын басып алды. Өкмөт көзөмөлдөгөн бир гана шаар — борбор калаа Кабул калды.

Мазари-Шариф Афганистандын Өзбекстан менен чектешкен жерине жакын жайгашкан. Буга байланыштуу өзбек бийлиги мекендештерди кайтарууну уюштурду.

Мазари-Шариф 400 миңден ашуун калкы бар маанилүү соода-транспорттук түйүн болуп саналат. Ал талибдердин колуна ири кутумдун натыйжасында өткөнү айтылды.

Желалабад шаарын талибдер согушу жок басып алганын, өкмөттүк аскерлер багынууга аргасыз болуп жатканы маалым болду.

Кээ бир маалымат каражаттары "Талибан" кыймылына таянуу менен бүгүн "жеңиш жарыялана турганын" жазышууда.
"Талибан" ислам өкмөтүн түзүүнү көздөөдө, расмий Кабул буга макул эмес. Афганистандагы саясий туруксуз абал АКШ администрациясы 11-сентябрга чейин афган жеринен аскерлерди чыгарып кетүү убадасынан кийин курчуп кеткен.

* Россияда террордук уюм деп табылып, ага тыюу салынган

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
23:35 15.08.2021

"Талибан" радикалдык кыймылы Кабулдагы президенттик сарайда туруп Афганистан ислам эмирилиги түзүлөрүн жар салууга даярданып жатат. Бул тууралуу кыймылдын өкүлүнө тануу менен Ассошиэйтед Пресс кабарлап жатканын РИА Новости жазды.

Буга чейин Al Arabiya телеканалы согушкерлер борбор калаадагы президенттик сарайды өз көзөмөлүнө алганын билдирген болчу.

21:24 15.08.2021
21:02 15.08.2021
Президент Афганистана Ашраф Гани - Sputnik Кыргызстан, 1920
Ашраф Гани Тажикстанга чыгып кетти. Ал жактан башка өлкөгө учары айтылды
19:22 15.08.2021
Захват территорий Афганистана Талибаном - Sputnik Кыргызстан, 1920
Афганистандагы кыргызстандыктар эвакуацияланат. ТИМдин билдирүүсү
19:14 15.08.2021

Желалабаддан Кабулга чейиинки жол толугу менен талибдердин көзөмөлүндө экени айтылды. Алар автоунааларды токтотуп, айдоочулардын документин текшерип жатышат. Кагылышуу жок.

17:45 15.08.2021

Тажик-афган чек арасында абал туруктуу экени айтылды.

17:40 15.08.2021
17:34 15.08.2021

Ал арада Афганистандагы кырдаалдан улам Өзбекстан чек ара көзөмөлүн күчөткөнү маалым болду. Мында Афганистан менен чектешкен Сурхандарь облусунда кызмат өтөгөн чек арачылар күчтөлүгөн режимге өткөн.

17:06 15.08.2021
16:53 15.08.2021

убактылуу өкмөттүн башчысы болуп Ички иштер министрлигинин мурдагы башчысы жана Германиядагы экс-элчи Али Ахмад Жалали дайындалды.

16:52 15.08.2021
16:43 15.08.2021
16:41 15.08.2021

Президент Ашраф Гани өлкө аймагында экени айтылды.

16:39 15.08.2021

Ушу тапта кыймылдын согушкерлери "Баграм" авиабазасын басып алганы да айтылууда. Аталган базада америкалык аскерлер турчу. Америкалыктар чыгарылгандан кийин "Баграм" афган бийлигин өткөрүлгөн болчу.

16:38 15.08.2021

Афганистандын мурунку ички иштер министри жана Германиядагы элчиси Али Ахмад Жалали өткөөл мезгилдеги өкмөттү жетектей турганын жергиликитүү ЖМКлары жазып жатышат.

16:19 15.08.2021
16:17 15.08.2021

Учурда Кабулдагы президенттик администрациянын сарайында АКШ, НАТО жана "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Буга чейин Афганистандын ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучусу Абдул Саттар Мирзаквал Кабул чабуулга өтпөгөнүн жана бийлик тынчтык жолу менен берилерин айткан. Андан мурун талибдер эч кандай согушу жок эле шаарга кирүү боюнча өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзгөнү айтылган.

 

16:01 15.08.2021

Афганистандын ички иштер министринин милдетин убактылуу аткаруучусу Абдул Саттар Мирзаквал Кабул чабуулга кабылбаганын жана бийлик тынчтык менен берилерин айтты. 

Учурда талибдер бийлик менен сүйлөшүү үчүн президенттик администрациянын имаратына келди. Буга чейин алар Кабулга тынчтык жолу менен кирүү үчүн өкмөт менен байланышып жатканын айтышкан.

Ошол эле учурда Кабулдун түндүк жана түштүк четинде "Талибан" кыймылынын согушкерлери менен өкмөттүк аскерлердин ортосунда кагылышуу жүрүүдө. Бирок шаардын борбору тынч. Ички иштер министрлиги жашоочуларга бийлик калаанын коопсуздугун камсыздай турганын убадалаган.

 

15:55 15.08.2021
Страны мира. Афганистан - Sputnik Кыргызстан, 1920
Талибдер Кабулга кирерден мурун сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын айтышты
15:13 15.08.2021

Ушу тапта Кабулдун түндүк жана түштүк аймагында талибдер менен өкмөттүк армиянын аскерлеринин ортосунда кагылышуу жүрүп жатат.

14:30 15.08.2021
13:35 15.08.2021

Ушу тапта талибдер Афганистандын бардык чек арасын өз көзөмөлүнө алды. Кабулдан борбордук аэропорт менен учуп кетүү мүмкүн экени айтылууда.

13:24 15.08.2021

Буга чейин Чехия, Улуу Британия, АКШ, Италия жана башка мамлекеттер элчилерин чыгарып кеткен. Ал эми Тажикстан Мазари-Шариф, Файзабад жана жана Бадахшандагы өкүлчүлүктөрүн жапкан. Бирок дипломаттарын алып кете элек.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Афганистандагы дипломатиялык кызматкерлерин өлкөгө кайтаруу боюнча маалыматты тактап жатканын билдирди.

12:46 15.08.2021

ЖМКлардын маалыматы боюнча ушу тапта Кабул караңгылыктын кучагында. Талибдер Афганистандын борбор калаасына жакындаган сайын электр зымдарын кесишүүдө.

12:09 15.08.2021

Афганистан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан Хайратон көпүрөсүнүн аймагындагы абал турукташты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды. Маалыматта афган жарандары мекенине кайтканы айтылууда.

11:31 15.08.2021

АКШ Афганистандагы элчилигинде иштеген кызматкерлерин чыгарууда. Бул тууралуу ЖМКлар жазып жатыщат. 

Ишемби күнү АКШ президенти Жо Байден Кабулдагы дипперсоналдын коопсуздугу үчүн 5 миң аскерин жайгаштырууга буйрук берген. Мында АКШ аскерине жардам берген афганистандыктардын коопсуз эвакуациланышы тууралуу сөз болуп жатканы кошумчаланган болчу.

 

11:30 15.08.2021

Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнүн 84 аскери жардам сурап, Өзбекстандын чек арасына кирип келди. Бул тууралуу жекшембиде Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирген.

Афганистандык саясатчы Атто Мухаммади Нур "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Өзбекстан менен чектешкен Балх провинциясынын түндүк-батыш тарабын колго алганын буга чейин билдирген. Анын айтымында, атайын жасалган кутум ушундай көрүнүшкө алып келген.

"14-августта Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнүн 84 аскери чек араны кесип өтүп, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек ара аскерлери тарабынан кармалган. Алар каршылык көрсөтүшкөн эмес, баш паанек, ошондой эле медициналык жардам сурап кайрылышкан. Арасында үч жарадар болгон", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Ташкенттин маалыматына ылайык, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, тамак берилип, убактылуу жайгашуу үчүн жай уюштурулган.

"Ушул эле маалда "Термез-Хайротон" көпүрөсүнүн афган өйүзүндө Афганистандын аскер күчтөрүнүн массалык топтолгону белгиленет. Жогоруда аты аталгандарга гуманитардык жардам берүү чечими кабыл алынууда", — деп кошумчалаган министрлик.

Азыркы тапта афганистандык жарандарды мекенине кайтаруу жана "Термез-Хайратон" көпүрөсү районундагы абалды жөнгө салуу боюнча Кабул менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканы айтылат.

11:26 15.08.2021

"Талибан"* кыймылынын согушкерлери Афганистандагы Желалабад жана Мазари-Шариф шаарларын басып алды. 

Мазари-Шариф соода-транспорттук маанилүү түйүн болуп, анда 400 миңден ашуун адам жашайт. Ал эми Желалабадды талибдер согушу жок алышкан. Бул калктуу аймак Кабул менен катар акырына чейин бийлик тарабынан көзөмөлдөнгөн эки чоң шаардын бири болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0