Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖамгыр учрунда көчөдө бараткан адамдар. Архив
Жамгыр учрунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.08.2021
Жазылуу
16-августка караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Дүйшөмбүдө тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Талас, Баткен облусунда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +28...+33, Талас жергесинде +21...+26, Ысык-Көлдө +15...+22, Нарын аймагында +20...+25 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +25...+27, Ош шаарында +30...+32, ал эми Чолпон-Ата калаасында +17…+19 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0