Коронавирусту дарылаган кайсы ооруканада бош орун бар? Тизме

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.08.2021
Жазылуу
Учурда 13 ооруканада жетиштүү көлөмдө бош орун бар экени айтылды. Маселен, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада 72 орун бош.

БИШКЕК, 16-авг.— Sputnik. Бишкекте жана шаардын четинде коронавирус жуктургандарды кабыл ала турчу ооруканаларда 654 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалымат бүгүн, 16-август, саат 14:00гө карата берилди:

  • Улуттук хирургия борбору — 4;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 72;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 55;
  • Улуттук кардиология борбору — 27;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 47;
  • Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 65;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 30;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 87;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 93;
  • Аскердик госпиталь — 51;
  • Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбор — 29;
  • КММА, Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 44.

Акыркы билдирме боюнча, бир сутка ичинде өлкөдө 237 кишиден коронавирус табылып, беш бейтап каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0