Эртең борбор калаадагы 26 көчөнүн кесилишинде жарык өчөт. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековЗамена старых изоляторов сотрудниками НЭСК
Замена старых изоляторов сотрудниками НЭСК - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Айрым борбордук көчөлөрдө, шаардын чет жакаларында жана конуштарда электр жарыгы өчүрүлөт. Энергетиктер пландалган иштерди жүргүзүшөт.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Эртең, 18-августта, Бишкектин айрым көчөлөрүндө жарык өчөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.

Бул күнү ишкананын бригадалары трансформаторлорду жана жабдыктарды оңдоо менен алектенишет.

Электр жарыгы өчүрүлө турчу аймактар:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Щербаков көчөсүнүн кесилишинде жана Москва көчөсүндөгү № 186 үйдө;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Үмөталиев, Сагынбай манасчы көчөсүндө жана Арча-Бешик конушунда (Ак-Түз, Шералиев, Эр-Тайлак, Ак-Шоокум, Ашар, Ойсул-Ата, Кызыл-Адыр, Абдрахманов, Арча-Бешик көчөлөрү);
  • 9:30дан 14:00гө чейин — Широкая (№ 1-5, 2а, 2б үйлөрү) жана Новосельская (№ 2, 4, 6, 8, 10, 12 үйлөрү) көчөлөрүнүн кесилиштеринде;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Жибек Жолу, Эркиндик проспектисинин жана Пролетарская көчөлөрүнүн кесилишинде, Малдыбаев көчөсүндөгү № 30в үйдө;
  • 9:30дан 17:30га чейин — Карасаев жана Белорусская көчөлөрүнүн кесилиштеринде;
  • 9:30дан 18:30га чейин —  Көк-Жар конушунда (Куланак, Көк-Жайык, Арстанбап, Босого, Боогачы көчөлөрү);
  • 9:30дан 19:00гө чейин — Аламүдүн-1 кичи районунда (№ 43, 44, 47, 48, 92-94 үйлөрү).
Жаңылыктар түрмөгү
0