Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүСуунун жээги. Архив
Суунун жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
18-августка караган түнү өлкө аймагында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Шаршемби күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө жана Талас жергесинде +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл өрөөнүндө +19...+24, Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +29...+31, Ошто +31...+33, ал эми Чолпон-Ата шаарында +19…+21 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0