19-августта Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы жок болот. Тизме

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Эртең да Бишкектин айрым райондору, көчөлөрү таңдан кечке чейин жарыксыз отурат. Муну ишкана оңдоо иштерине байланыштырды.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Бейшемби, 19-августта, Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Бул күнү ишкананын бригадалары жабдууларды оңдоп, башка пландык жумуштарды аткарышат.

Электр жарыгы өчүрүлө турчу аймактар:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Жаш гвардия проспектисинин Чокморов, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Скрябин көчөсүндөгү № 19 үй, Ак-Босого жаңы конушу (Чүй 33 — Чүй 35 көчөлөрү);
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Садырбаев, Серафимович, Ташаузская, Курчатов, Поваринская, Тоголок Молдо, Можайская, Саадаев, Щербаков, Кокчетавская көчөлөрүндө, Бреславский, Багижский, Карагайский, Боровский кууш жолдорунда, Фрунзе көчөсүндөгү № 613 үйдө жана Арча-Бешик конушундагы Кызыл-Адыр, Абдрахманов, Кара-Кужур, Безымянная, Ойсул-Ата, Бердибаев, Набережная көчөлөрү;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — Малдыбаев көчөсүндөгү № 30а жана 30б үй;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Дордой жаңы конушу (Дордой-3 көчөсү);
  • 9:30дан 18:30га чейин — Ахунбаев жана Белорусская көчөсү, Кубанский кууш жолу;
  • 9:30дан 19:00гө чейин — Бөкөнбаев көчөсүндөгү №14 үй, Ибраимов көчөсүндөгү № 30, 32, 34 үй жана Шопоков көчөсүндөгү № 31, 31/1 үйлөр.
Жаңылыктар түрмөгү
0