Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Иргашев: малдын жугуштуу оорулары изилденип, вакцина жасалууда

© Sputnik / Мамытов ИсмаилПервый проректор по учебной работе Кыргызского национального аграрного университета Алмазбек Иргашев
Первый проректор по учебной работе Кыргызского национального аграрного университета Алмазбек Иргашев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин биринчи проректору, профессор Алмазбек Иргашев агрардык окуу жайдын аспиранты кыргыз тайганынын баш сөөгүнүн анатомиясын изилдеп, диссертациясын жактаганын айтты.

Кыргыз улуттук агрардык университетинде азык-түлүк коопсуздугуна багытталган илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага аймактардагы айыл чарба багытындагы окуу жайлар да катышты. Конференциянын аягында окуу жайды заманбап биологиялык лаборатория менен камсыздоо боюнча резолюция кабыл алынды. Бул жөнүндө сентябрда Нью-Йорктогу БУУнун азык-түлүк системасынын саммитинде айтыларын Алмазбек Иргашев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Иргашев: малдын жугуштуу оорулары изилденип, вакцина жасалууда

Анын айтымында, окуу жайда малдын жугуштуу, шишик оорулары изилденип, ар кандай ылаңдарга каршы вакцина иштеп чыгуу боюнча иш жүрүп жатат.

"Айыл чарбасын өнүктүрөбүз десек, биринчиден топуракты изилдөөдөн башташыбыз керек. Кыргыз улуттук агрардык университетинде кыргыз-кытай топурак таануу лабораториясы бар. Анда топурактын курамын анализдөө, суунун сапатын жана жерди спутниктен моделдөө багытында иш жүрөт. Бул жаатта окуу жайдын профессордук окутуучулук курамы Японияга тажрыйба алмашуу максатында барып келишти. Аталган мамлекетте кайсы бир өсүмдүктү өстүрөбүз десе, дыйкан сөзсүз түрдө топуракты текшерүүдөн өткөрөт. Биз дагы ушул багытта иш алып барышыбыз керек. Андыктан лабораторияга багбандар кайрылса болот. Мындан тышкары, агрономия жана токой чарбасы факультетинде топуракты изилдөө багытында адистерди даярдайбыз. Аталган факультетте заманбап агрохимиялык жана фитосанитардык лаборатория иштейт. Мында өсүмдүктөрдүн оорулары, зыянкечтери изилденет. Илим жагына келсек, азыркы кезде малдын ар кандай ылаңдарына каршы вакцина иштеп чыгуу боюнча Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыт илим-изилдөө институту менен иш жүрүүдө. Жугуштуу, шишик оорулары изилденип жатат. Ошону менен бирге жасалма уруктандыруу боюнча алгылыктуу иштер бар. Жакында эле агрардык окуу жайдын аспиранты кыргыз тайганынын баш сөөгүнүн анатомиясын изилдеп, диссертациясын жактады", — деди Иргашев.

Ал айыл чарба жаатындагы илимпоздорду чыгаруу үчүн окуу жайда беш диссертациялык кеңеш иштей турганын кошумчалады.

Подкасттын толук варианттын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0