Кыргызстанда COVID-19дун "дельта" штаммы бар. ДССУнун божомолу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСитуация в Бишкеке из-за вспышки коронавируса
Ситуация в Бишкеке из-за вспышки коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин айтымында, жакында Россияга жөнөтүлгөн үлгүлөрдүн жыйынтыгы келет.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19дун "дельта" штаммы кездешери боюнча божомолдор бар. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назира Артыкова билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын апрель айында өлкөдөн "альфа" (британиялык), июнда "бета" (түштүк африкалык) штаммы табылган.

"Россияга июлда жөнөтүлгөн үлгүлөрдүн дагы жыйынтыгын күтүп жатабыз. Биздин божомол боюнча, Кыргызстанда башка өлкөлөрдөгүдөй эле "дельта" штаммы бар", — деди Артыкова.

ДССУнун өкүлү бул жума ичинде вакцинациялоо темпи өткөнкүгө салыштырмалуу 40,9 пайызга төмөндөгөнүнө өкүнүп жатканын билдирди. Анын айтымында, 849 576 киши эмделди.

Жаңылыктар түрмөгү
0