Европа "сууктун экспорттолушуна" Россияны айыптоодо

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүү"Газпром" ишкананын кызматкерлери. Архив
Газпром ишкананын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Реалдуулук европалыктардын энергетика жаатындагы пландарын кыйратты. Өткөн жылы газдын споттук баасы дээрлик он эсеге өстү. Анын артынан электр, күйүүчү май, ташуу кызматы, азык-түлүк да кымбаттады.

Адегенде мындай көрүнүш тооруктарда гана байкалган. Бир-эки айда ал катардагы европалыктын да чөнтөгүн жукартары турулуу иш. Жок эле дегенде катардагы британиялык үй кожойкеси электр акысына мурдагыга караганда 1500 фунтка (150 миң рублге) көп төлөөгө туура келет. Ансыз да калк үчүн аталган өлкөдө бир киловатт Россияга караганда алты эсе кымбат эле, эки миллион үй чарбасы акчасынын жоктугунан улам мындай төлөмдөрдү төгө албай калган. Кырдаалга сереп салган Виктория Никифорованын макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Жашыл энергетикага эмне болду? Шамалдан кубат өндүрүүчү жабдуулар жана күн панелдери азырынча бул тармактын жүгүн көтөрө албай келет. Быйыл Европада кайра калыптануучу булактардан кубат алуу көлөмү кыйла кыскарды. Январда Европа биримдиги сөздүн түз маанисинде күндүн көзүн көрө алган жок. Жайкысын шамал сокпой, булут каптап турушу, былтыркы кычыраган кыш, алдыда мурдагыдан да аяздуу суук күтөт деген божомолдор — бааны түзө турган күчтүү факторлордон.

Кесепеттери көп күттүргөн жок. Электрдин кымбатташы жер семирткичтерди өндүрүүчү заводдордун жабылышына алып келди. Ташуу кызматы күн санап өсүүдө. Кооптонгон фермерлер өз өндүрүмдөрүнүн баасын көтөрүүдө. Адамдар жумушунан ажырап, супермаркеттердеги бааларды карап үрөйлөрү учууда.

Европалыктардын энергетикалык каатчылыктан чыгуунун жолу айдан ачык. Россия менен кызматташып, Атомдук электр станцияларына буюртма кыла алат. Бүгүнкү күндө мындан таза жана кубаттуу энергия булагы жок. Бирок америкалык өнөктөштөрү түшүнбөй калышынан чочулашат. Ошентип европалык бийлик өзүнүн экологиялык бардык ураандарына карабай жапырт түрдө көмүргө – окумуштуулардын баары кескин сындап келген эң кир, эң зыяндуу отунга өтүүдө.

Россия ТИМ жетекчиси Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Лавров Россия Европанын кээ бир мамлекеттери менен алакага даяр экенин айтты
Европалык орто класс жыл бою рекорддук ыргакта жакырланып келе жатканына күбөбүз. Баалардын тынымсыз өсүшү дагы түбүнө жетчүдөй. 2020-жылдын сентябрында Улуу Британияда тамак-ашка каражаты тартыш үй-бүлөлөр 14 пайыз болсо, быйыл жайда алардын саны 24 пайызга чыкты. Өкмөт жакырларды колдоого тырышты. Мектептерде акысыз тамак берилген балдарга каникул маалында да каралашууга туура келди. Ач калган үй-бүлөлөргө тамакка талон да бериле баштады. Бир аптага берилген бир даана талон үч фунт стерлингге (орточо 300 сом) товар сатып алууга мүмкүндүк түзөт. Ушул тапта ал 4,25 фунтту түзүп калды. Дүкөндөн ага сүт, жашылча-жемиш, буурчак, акшак, балдар азыктарын гана алууга уруксат бар. Анан да бул акчага эмне жетет? Санап көрсөк, болгону эки литр сүт, бир-эки кило картошка, беш банан келет.

Мындай жагдайда укук коргоочулар белгилегендей, бул үй-бүлөлөр жакында азык-түлүк менен жылуулуктун бирин тандоого аргасыз болушат. Британияда кышкысын ондогон пенсионерлер көз жумат. Жылуулуктан үнөмдөө үчүн түнкүсүн батареяларды өчүрүп жатышат. Таңда алардын тоңуп калган сөөгү табышат. 2014-жылы мындай өлүмгө 40 миңден ашуун киши кабылган. Быйылкы кышта да ошондой өлүм учурларынын көбөйүшү күтүлүүдө.

Испанияда кыш жылуураак өткөнү менен тамак-аш жагдайы татаал. Мадридде эле жыл башында 186 миң киши азык-түлүк банктарынан тамак алып турушкан. Бул – 25 жылдан берки эң начар көрсөткүч. Пенсияларын адатта адамдар ишсиз калган балдары жана неберелерине беришет. "Крестная мать" кайрымдуулук уюмунун маалыматына таянсак, аларга жардам сурап кайрылган карыялардын саны быйыл 63 пайызды түзгөн.

Бекер тамак-аш тараткан мадриддик Сан Хуан де Диос чиркөөсүнүн дин кызматчысы Би-би-синин журналисттерине автобуска акчалары жоктугунан улам шаардын башка бир бурчунан жолго эки саат сарптап келишерин айтып берген. Анан да алар – үй-жайсыз же маңзат колдонгондор да эмес, бул европалык орто класстын гана өкүлдөрү. Жумушсуз калып, колундагы топтогонун коротуп, күтүүсүз тооруган кымбатчылыкка туруштук бере албагандар.

Электр акысынын кымбатташы дагы бир көйгөйгө кептейт. Бул жагдай европалык товарларды дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмсүз кылат. Европа биримдиги үчүн негизгилерден болуп америкалык рынок эсептелет. Европалыктарга жашыл күн тартибин таңуулаганы менен америкалык бийлик өздөрү күн жана шамал энергиясына өтүүгө эми ашыкпайт. Өздөрүндөгү арзан электр кубаты аларга атаандаштык артыкчылыгын берип, рыноктон Европа биримдигин сүрүп чыгарууга мүмкүндүк түзөт.

Түндүк агым – 2 газопроводу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Европа россиялык газдан баш тарта алабы? Сереп
Калк кабылган ушундай абалга европалык саясатчылар чара көрүүгө белсенип, айыптууларды издеп кирди. Акыры буга кайрадан эле орустарды күнөөлүү деп табышты.

Британиялык парламенттин депутаттары "Газпромго" кат жолдошту. Анда компанияны рынокту "манипуляциялап" жана газдын баасын көтөрүүгө айыпташат. Европарламент да ушундай эле нукта аракет этүүдө.

Айрым парламентарийлер Европа комиссиясын антимонополиялык иликтөө жүргүзүп, Европада баары кымбаттап кеткени үчүн "Газпромго" доо коюуга чакырууда. Бирок кеп мында газдын споттук баалары туурасында эмеспи. "Газпром" буга эч качан келишим түзүүгө каршы чыккан. Ал түгүл Европа биримдиги менен дал ушул боюнча соттошуп, утулуп калганы маалым.

"Газпром" биржалык оош-кыйыштардан көз каранды болбогон туруктуу баалары менен узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүнү сунуштаган. Бирок ошондо европалыктарга споттук баалар пайдалуу болуп, айткандарынан кайтышкан эмес. Өздөрүнүн ачкөздүк жана алысты көрө билбегендигинин айынан кептелген абал үчүн алар эми россиялык ишкананы күнөөлөөгө далбасташууда.

Бир топ жылдар бою "Газпром" европалыктар таңуулаган эрежелерге ылайык иш алып барды. Бүгүн алар баарын бекер алгысы бар. Мындай аракеттер Украинаны эске салат. Албетте, андай доо арыздардын келечеги жок.

Европалыктардын кандай арга көрөт? Америкалык суюлтулган газды сатып алабы? Океан ар жагындагылар рынокту каалагандай калчоону жакшы өздөштүргөн эмеспи. Союздаштары кабылган кыйын кырдаалдан пайдалануу менен алар бааны болушунча көтөрүшү мүмкүн. Анда ЕБ үчүн бүгүнкү көйгөйлөрү анын жанында шоона эшпей калышы ыктымал. Эгер туура ой жүгүртүшсө, орус газына жападан жалгыз альтернатива – россиялык АЭС экенин түшүнүшөт. Ал эми экөө биргеликте алынса, абал алда канча жакшыра түшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0