Россиянын Оштогу жаңы башкы консулу ишке киришти

© Фото / пресс-служба посольства России в Кыргызстане Ошко Россиянын жаңы башкы консулу болуп келген Андрей Бибишев. Архив
 Ошко Россиянын жаңы башкы консулу болуп келген Андрей Бибишев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Бибишев Кыргызстанга келгенге чейин Россия ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча үчүнчү департаментинин жетекчиси болгон.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Ошко Россиянын жаңы башкы консулу Андрей Бибишев келди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко билдирди.
Маалыматка караганда, Бибишев тажрыйбалуу дипломат, буга чейин Россия ТИМинин КМШ өлкөлөрү боюнча үчүнчү департаментинин жетекчиси болгон. Андан тышкары, Панама жана Никарагуа өлкөлөрүндө Россия элчисинин кеңешчиси болуп эмгектенген.
"Бибишевдин жетекчилиги алдында Ош шаарындагы башкы консулдук ишин жемиштүү улантып, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыкты күчөтөт деп ишенем", — деди Удовиченко.
Бибишевдин 60 жашта экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0