Бейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдо бараткан унаа. Архив
Жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
21-октябрда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +15…+20, Талас, Нарын өрөөнүндө +14…+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +18…+23, Ысык-Көл жеринде +13…+18 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +17…+19, Ош шаарында +20…+22 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0