Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Косумбаев: Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте IT-академиясын ачат

© Sputnik / Асель Сыдыкова"Кыргызтелеком" ААК башкармалыгынын төрагасы Данияр Косумбаев
Кыргызтелеком ААК башкармалыгынын төрагасы Данияр Косумбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Жазылуу
"Кыргызтелеком" ААК башкармалыгынын төрагасы Данияр Косумбаев Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте IT-академиясын ачууну пландап жатканын айтты.
"Кыргызтелеком" ААК жана Technopark Al-Jabr технопаркы менен билим берүү жана IT долбоорлор жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу Данияр Косумбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Косумбаев: Кыргызстан Өзбекстан менен биргеликте IT-академиясын ачат
Анын айтымында, мектептердеги интернет менен камсыздалган компьютердик класстар максатсыз пайдаланылып жатат.
"Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Ташкентте "Кыргызтелеком" ААКсынын жана Technopark Al-Jabr технопаркынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон. Биз Al-Jabr технопаркынын кеңсесине барып, компаниянын IT потенциалы, учурдагы жана пландаштырылган долбоорлору менен тааныштык. Жолугушуунун жыйынтыгында стратегиялык келишимге келип, анын негизинде октябрдын башында билим берүү жана IT долбоорлор жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койдук. Кыргызстандын IT индустриясы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоо процессинин маанилүүлүгүн эске алуу менен эки мамлекет чогуу IT-академиясын ачууга ниеттенип жатабыз. Учурда жер-жерлерде биздин интернет кабелдер бар. Ошол мектептердеги компьютердик класстар максатсыз пайдаланылып жатат десек болот. Биз биринчи кезекте окутууну англис тили жана программалоо сабактарынан баштайбыз", — деди Косумбаев.
Ал "Кыргызтелеком" мындай кадамдар менен келечекте өзүнүн эң чоң IT-академиясын түзүүнү көздөп жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0