Японияда учуучу мотоциклдер пайда болду. Видео

© REUTERS / A.L.I. TECHNOLOGIESЯпондук A. L. I. Technologies стартабы чыгарган уча турган мотоцикл
Япондук A. L. I. Technologies стартабы чыгарган уча турган мотоцикл  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Жазылуу
Учуучу мотоцикл катуу ылдамдык менен 40 минутага чейин токтобой жүрөт. Салмагы 300 килограмм, баасы 682 миң доллар.
БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Япондук A. L. I. Technologies стартап уча турган мотоцикл чыгарганын НТВ кабарлаган.
Видео Discover "Телеграм" каналына жарыяланган.
Укмуштуу техниканы Xturismo деп аташкан. Баасы 682 миң доллар, салмагы 300 килограммга жакын экени жана саатына 100 чакырымды басып өтө алары айтылды. Катуу ылдамдык менен токтобой 40 мүнөткө чейин жүрө аларын кошумчалашты.
Бул жаңы техниканын авторлору азырынча 200дү чыгара турууну пландап жатышат. Кызыккандарга 2022-жылы сатып алууга болот дешти.
Учуучу мотоциклдерди кесипкөй, жарышка катышкан айдоочулар эле эмес, суудагы операцияларда куткаруучулар да пайдалана аларын билдиришкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0