Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жунусов: айдоочуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөтүү зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун тез жардам көрсөтүү бөлүмүнүн дарыгери Бекназар Жунусов
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун тез жардам көрсөтүү бөлүмүнүн дарыгери Бекназар Жунусов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун тез жардам көрсөтүү бөлүмүнүн дарыгери Бекназар Жунусов жол кырсыктары окуу башталганда, суук түшкөндө көбөйөрүн белгиледи.
Айдоочулар биринчи медициналык көмөк көрсөтүүнү билбейт. Натыйжада жаракат алгандарга жардам көрсөтөм деп абалын татаалдаштырып жиберишүүдө. Бул тууралуу Бекназар Жунусов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Жунусов: айдоочуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөтүү зарыл
Анын айтымында, негизинен жол кырсыктары окуу башталганда, суук түшкөндө көбөйөт.
"Соңку убактарда мектеп окуучулары кабылган жол кырсыктары абдан көбөйүүдө. Кырсыктар көбүнчө жол чырак орнотулган жерлерден, жөө жүрүүчүлөр өтүүчү аймактардан катталат. Анткени жөө адамдар мурдагыдай уруксат берилбеген жерден өтпөй калышты. Бирок жол кырсыктарынын болбой эле катталып жатышына айдоочулардын жоопкерчиликсиздиги башкы себеп. Жарандар жаракат алганда тез жардам унаасы менен келет. Айрым учурларда аны күтпөй, сүзүп алган адам же ошол жердегилер автоунаасына салып келет. Бул жерден тезирээк көмөк көрсөтүү далалаты болгону түшүнүктүү. Бирок айдоочуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү сөзсүз үйрөтүү зарыл. Анткени айрымдар колу, буту, омурткасы сынган боюнча унаага салат. Ал жерден шак-шак орнотуп анан жаткыруу керек. Ошондой эле май канга аралашып кетсе, жабырлануучунун абалы ого бетер оорлошот. Омуртка жаракат алса жүлүндүн кызматы бузулуп калат. Мунун кесепетинен адам тирүү калган күндө да майып болуп калышы ыктымал. Ошону айдоочулар билсе бир топ оорчулуктардын алдын алууга болот", — деди Жунусов.
Ошондой эле ал акыркы убактарда жол кырсыгына көбүнчө телефон карап же кулакчын менен музыка угуп баратып кабылгандар арбыгандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0