UFC кармашында Хабибдин командасы топ жарып, Петр Ян чемпион болду. Видео

Жазылуу
UFC 267 турниринде россиялык мушкерлердин күнү тууду. Абу-Даби (БАЭ) шаарында өткөн кармашка Хамзат Чимаев, Ислам Махачев, Александр Волков, Петр Ян, Зубайра Тухугов жана башкалар катышты.
Чимаев атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңди, Махачев Хабиб Нурмагомедовдун айтып берүүсү менен каршылашынын колун кайрыды. Ян калыстардын чечими менен утуп, жеңил салмактагылар арасында утурумдук чемпиондук курду алды. Тухугов (Нурмагомедовдун досу) менен Волков да калыстардын чечими менен жеңишке жетишти.
Турнирдин эң кызыктуу учурларын UFC чыгарган видеодон көрүңүз.
Жаңылыктар түрмөгү
0