COVID: экөө каза болуп, 96 адам ооруду. Акыркы маалымат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Учурда коронавирус менен республикада 1500гө чукул адам ооруп, үйдө жана ооруканада дарыланып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 96 кишиден коронавирус табылып, 83 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ал эми эки адам көз жумган.
"Ооруп жаткандардын ичинен эки киши каза болду. Алардын коронавируска каршы вакцина албаганы аныкталды", — деп билдирди штабдан.
COVID өткөн суткада төмөнкү аймактардан чыккан:
  • Бишкек – 41;
  • Чүй облусу – 24;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу - 3;
  • Нарын облусу - 2;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Баткен облусу – 4.
Кыргызстанда пандемия башталгандан тарта ооругандардын жалпы саны 181 764кө жетти. Анын ичинен 176 108 адам айыкты. Ал эми жалпысынан 2 681 киши коронавирустун курмандыгы болгон.
Азыркы тапта стационарда 616, ал эми амбулатордук шартта 835 адам дарыланып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0