Акназарова Роза Корчубековна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"Акназарова Роза Корчубековна
Акназарова Роза Корчубековна - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Роза Акназарова 1955-жылы 6-декабрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Жаңы-Базар айылында туулган.
Билими:
  • 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин аяктаган;
  • 1981-1985 — Москвадагы бүткүл союздук айыл чарба экономикасы илим-изилдөө институтунун аспирантура бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1978-1981 — Фрунзе политехникалык институтунун саясий экономика кафедрасында ассистент;
  • 1985-1992 — Кыргыз айыл чарба экономикасы жана уюштуруу илим-изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, андан соң сектор башчысы;
  • 1992-1996 — Улуттук банктын чарбалык иштерди талдоо жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;
  • 1996-1999 — Улуттук банкка караштуу Банктарды кайра уюштуруу жана карызды реструктуризациялоо боюнча агенттиктин (ДЕБРА) директору;
  • 1999-2000 — Социалдык фонддун төрайымы;
  • 2000-2001 — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 2001-2005 — эмгек жана социалдык коргоо министри;
  • 2007-2008 — Экономика жана финансы институтунун директору;
  • 2008-2010 — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Биринчи май районунун аймактык депутаттык тобунун төрайымы;
  • 2010-2015 — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 2010-2016  — "Финанс кредит банк" коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • 2019-жылдан бери Депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешинин төрайымы, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин эксперттик кеңешинин мүчөсү.
Үч баланын энеси.
Жаңылыктар түрмөгү
0