Кеминде мобилдик клиника ишин баштап, ачылышына Жапаров катышты. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Кемин шаарындагы мульти-диагностикалык мобилдик клиниканын ачылыш аземи учурунда
Президент Садыр Жапаров Кемин шаарындагы мульти-диагностикалык мобилдик клиниканын ачылыш аземи учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Жазылуу
Клиника дарыгерлери Кемин районунан баштап алдыдагы 5 жылда өлкөнүн бардык аймактарына барып, акысыз кызмат көрсөтөт.
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кемин шаарында мульти-диагностикалык мобилдик клиниканын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров бүгүн Кемин шаарында мульти-диагностикалык мобилдик клиниканын ачылыш аземине катышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн Кемин шаарында мульти-диагностикалык мобилдик клиниканын ачылыш аземине катышты - Sputnik Кыргызстан
1/7
Президент Садыр Жапаров бүгүн Кемин шаарында мульти-диагностикалык мобилдик клиниканын ачылыш аземине катышты
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖүк ташуучу унааларга орнотулуп, сегиз бөлүктөн (трейлерден) турган мобилдик клиника медицина кызматкерлеринин жашоо шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган
Жүк ташуучу унааларга орнотулуп, сегиз бөлүктөн (трейлерден) турган мобилдик клиника медицина кызматкерлеринин жашоо шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган - Sputnik Кыргызстан
2/7
Жүк ташуучу унааларга орнотулуп, сегиз бөлүктөн (трейлерден) турган мобилдик клиника медицина кызматкерлеринин жашоо шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевИчинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар каралган
Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар каралган - Sputnik Кыргызстан
3/7
Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар каралган
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОшондой эле мобилдик клиниканын базасында заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган компьютердик томограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт
Ошондой эле мобилдик клиниканын базасында заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган компьютердик томограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт - Sputnik Кыргызстан
4/7
Ошондой эле мобилдик клиниканын базасында заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган компьютердик томограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМындан сырткары, биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар
Мындан сырткары, биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар - Sputnik Кыргызстан
5/7
Мындан сырткары, биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров мамлекет биринчи кезекте өлкөнүн жарандарынын саламаттыгын сактоого кам көрүшү керектигин белгилеген
Садыр Жапаров мамлекет биринчи кезекте өлкөнүн жарандарынын саламаттыгын сактоого кам көрүшү керектигин белгилеген - Sputnik Кыргызстан
6/7
Садыр Жапаров мамлекет биринчи кезекте өлкөнүн жарандарынын саламаттыгын сактоого кам көрүшү керектигин белгилеген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОшондой эле ал өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан мобилдик клиниканы алып келген жана анын ишин каржылай турган демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирген.
Ошондой эле ал өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан мобилдик клиниканы алып келген жана анын ишин каржылай турган демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирген. - Sputnik Кыргызстан
7/7
Ошондой эле ал өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан мобилдик клиниканы алып келген жана анын ишин каржылай турган демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирген.
1/7
Президент Садыр Жапаров бүгүн Кемин шаарында мульти-диагностикалык мобилдик клиниканын ачылыш аземине катышты
2/7
Жүк ташуучу унааларга орнотулуп, сегиз бөлүктөн (трейлерден) турган мобилдик клиника медицина кызматкерлеринин жашоо шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган
3/7
Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар каралган
4/7
Ошондой эле мобилдик клиниканын базасында заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган компьютердик томограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт
5/7
Мындан сырткары, биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар
6/7
Садыр Жапаров мамлекет биринчи кезекте өлкөнүн жарандарынын саламаттыгын сактоого кам көрүшү керектигин белгилеген
7/7
Ошондой эле ал өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан мобилдик клиниканы алып келген жана анын ишин каржылай турган демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирген.
Билдирүүгө ылайык, жүк ташуучу унааларга орнотулуп, сегиз бөлүктөн (трейлерден) турган мобилдик клиника медицина кызматкерлеринин жашоо шартын жана иштөөсүн толук камсыздаганга ылайыкталып жабдылган. Ичинде уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, чайкануучу жай жана башкалар каралган.
Ошондой эле мобилдик клиниканын базасында заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган компьютердик томограф, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген-аппарат бөлүмдөрү иштейт.
Мындан сырткары, биохимиялык жана башка анализдерди алуу үчүн лабораториялык жабдуу, хирургия бөлүмү, тез жардам унаасы бар.
"Клиника дарыгерлери Кемин районунан баштап алдыдагы 5 жылда өлкөнүн бардык аймактарына барып, жергиликтүү тургундарды кароо, дартты аныктоо жана дарылоо боюнча кызматтарын акысыз көрсөтүшөт", — деп айтылат маалыматта.
Садыр Жапаров мамлекет биринчи кезекте өлкөнүн жарандарынын саламаттыгын сактоого кам көрүшү керектигин белгилеген.
Ошондой эле ал өзүнүн жана жалпы кыргыз элинин атынан мобилдик клиниканы алып келген жана анын ишин каржылай турган демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0