Эргешов Зайырбек Жолчуевич — өмүр баяны

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭргешов Зайырбек Жолчуевич
Эргешов Зайырбек Жолчуевич  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазылуу
Зайырбек Эргешов 1974-жылдын 26-августунда Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылында туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
  • 1996-жылы Ош мамлекеттик университетинин тарых жана укук факультетин аяктаган;
  • 2013-жылы Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында мамлекеттик саясат: иштеп чыгуу, талдоо жана баалоо адистиги боюнча магистр даражасына ээ болгон.
Эмгек жолу:
  • 1996-1998 — ОшТУнун философия жана коомдук илимдер кафедрасында окутуучу;
  • 1998-2006 — ОшМУнун Кыргызстан тарыхы кафедрасынын окутуучусу;
  • 2003-2004 — Баткен шаарындагы "Эл аралык толеранттуулук боюнча" коомдук фондунда жана Германиянын GTZ техникалык борборунда аналитик, конфликтолог;
  • 2004-2008 — "ЦИМИР" мекемесинде тренер, изилдөөчү, ошондой эле "Фергана өрөөнүндө тынчтыкты өнүктүрүү" коомдук фондунун эксперти;
  • 2008-2010 — ОшМУнун Кыргызстан жана Борбордук Азия тарыхы кафедрасынын ага окутуучусу жана Тарых факультетинде декандын илимий иштер боюнча орун басары;
  • 2010-2011 — КР президентинин администрациясынын этностук өнүгүү жана диний саясат бөлүмүнүн эксперти;
  • 2011-2015 — КР президентинин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти;
  • 2015-2016 — КР президентинин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  • 2016 –  Президенттин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
  • 2017-2020 — Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;
  • 2020- 2021 — вице-премьер-министрдин кеңешчиси;
  • 2020 — Конституциялык кеңешменин мүчөсү.
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.
Жаңылыктар түрмөгү
0