Токиодогу оюн чоң сабак болду. Эрназардын жеңиштен кийинки маеги чыкты. Видео

Жазылуу
Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиевдин 23 жашка чейинкилер арасында (U23) өткөн дүйнө чемпионатын уткандан кийинки алгачкы интервьюсу чыкты. Маек United World Wrestling (Бириккен күрөш дүйнөсү) уюмунун Youtube каналына жарыяланды.
Анда спортчу алтын медаль уткандагы сезимдери, Ослодо өткөн дүйнө чемпионатында экинчи орун алып калганда арданганын айткан.
"Алтын байге күмүштөн өйдө турат. Башкача сезимдер болот экен, кубанып жатабыз. Биз машыктыруучулар менен чогуу, жалпы эле кыргызстандыктар бул медалды көпкө күттүк. Ошон үчүн барктуу болууда. Финалдык беттешке жакшы тактикалык даярдык көрдүк. Тапшырмалар толук аткарылды. Жыйынтык биз күткөндөй болду. Кубанычыбызда чек жок", — деген чемпион.
Ал ошондой эле Европанын бир нече жолку чемпиону, Өзбекстандын атынан күрөшкөн россиялык балбан Ильяз Бекбулатовду утуп алгандан соң инстаграм баракчасында күйөрмандар көбөйгөнүн, ал тургай чет элдик катталуучулар да арбыганын айтып кетти.
Акматалиев мындан сырткары Токио Олимпиадасындагы ийгиликсиз күрөшү чоң сабак болгонун белгиледи.
"Олимпиадага моралдык да, күч жагынан да мыкты даярдыкта барган болчубуз. Эмнегедир ийгилик жылмайган жок. Утулуп калганыма аябай ызаландым. Бирок ал мен үчүн чоң сабак болду. Кийинки кадамдарымда да мотивация берүүчү күч болот деп ойлойм", — деген Акматалиев.
Тыныбекованын жолун жолдогум келет. Айперинин жеңиштен кийинки маеги. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Тыныбекованын жолун жолдогум келет. Айперинин жеңиштен кийинки маеги. Видео
Дүйнө чемпиону мындан сырткары туулуп-өскөн айылы, күрөшкө келип калганына ким себеп болгону жана келечекте олимпиадалык салмак болуп эсептелген 65 же 74 килограмм салмактын кайсынысын тандаары тууралуу пикирлери менен бөлүшкөн.
Эске салсак, 70 килограмм салмакта күрөшкөн Эрназар Акматалиев финалдык беттеште армениялык Вазген Теванянды 10:2 эсеби менен утуп, чемпион болду.
Кыргыз балбан 1/8 этаптан тарта күрөшүп, адегенде грециялык, чейрек финалда ирандык жана жарым финалда азербайжандык атаандаштарын уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0