Сарамжал бололу! "Ош электрдин" элди электр кубатын үнөмдөөгө чакырган видеосу

Жазылуу
"Ош электр" ачык акционердик коому калкка электр энергиясын үнөмдүү колдонуунун бир канча ыкмаларын сунуштаган ролик тартты. Анда ишкана абоненттерди электр кубатын сарамжалдуу пайдаланууга чакырган.
Видео аталган ишкананын социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырылган.
"Быйыл Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү төмөн болгонуна байланыштуу топтолгон кор жетишерлик эмес. Катаал кыштан кыйналбай чыгып кетиш үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошуп, электр кубатын максаттуу жана сарамжалдуу пайдалануубуз абзел", — деп айтылган роликте.
Андан сырткары, үнөмдөө боюнча бир нече эрежени видео аркылуу көрсөтүп жана айтып беришкен.
Эске салсак, быйыл бийлик жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы Токтогул суу сактагычындагы суунун топтолушуна байланышкан учурду эске алып, калк жана башка керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0