Бишкекте көмүрдүн баасы 4 500 сомдон ашпаш керек! Ортомчуларга чара көрүлөт

© REUTERS / Jason Lee/File PhotoДобыча угля в провинции Хэйлунцзян
Добыча угля в провинции Хэйлунцзян - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.11.2021
Жазылуу
Көмүрдү койгон баадан ашыкча саткандарга алгач эскертүү берилет, ал аткарылбаса жеке тараптарга 3 000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекиткен баага ылайык, Бишкекте көмүрдүн бир тоннасы 4 500 сомдон ашпаш керек.
Белгилей кетсек, көмүрдүн кымбаттап кетишин токтотуу максатында өкмөттүн токтому чыккан. Ага ылайык, кара алтындын баасын үч ай бою көзөмөлдөп турушат.
Бишкекте сатылган көмүр жана аларга бекитилген баа:
  • Кара-Жыра (Казакстан) — 4 500 сом;
  • Шабыркүл (Казакстан) — 4 500 сом;
  • Кара-Кече — 4 400 сом.
Эгер Бишкекте сатуучулардын көмүрдү көрсөтүлгөн баадан кымбат сатып жатканын көрсөңүздөр, төмөнкү телефондорго чалып кайрылсаңыздар болот:
  • Агенттиктин борбордук аппараты — 0 (312) 56-33-37, 56-32-19;
  • Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрү — 66-14-15, 66-48-06.
Агенттик көмүрдү койгон баадан ашыкча саткандарга алгач эскертүү берилерин айтып, эгер аны аткарбаса жеке тараптарга 3 000 сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынарын белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0