Бир суткада 54 кишиден коронавирус табылып, эки бейтап көз жумду

© Sputnik / Денис Абрамов / Медиабанкка өтүүОтделение для пациентов с COVID-19 в Пятигорском родильном доме
Отделение для пациентов с COVID-19 в Пятигорском родильном доме - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Жазылуу
Илдет илештиргендердин жалпы саны 181 936га жетти. Анын ичинен 176 323 адам дартты жеңген. Ал эми каза тапкандардын жалпы саны 2 691 болду.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада 54 адамдан коронавирус аныкталып, 77 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 25;
  • Чүй облусу – 1;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу –7;
  • Баткен облусу – 2.
Адамдын дене табын өлчөп жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
COVID, сасык тумоодон кийин дене табы эмнеге көтөрүлөт? Түшүндүрмө
Илдет илештиргендердин жалпы саны 181 936га жетти. Анын ичинен 176 323 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус эки бейтаптын өмүрүн алып, каза болгондордун жалпы саны 2 691ге жетти.
Азыркы тапта стационарда 576, ал эми амбулатордук шартта 815 адам дарыланып жатат.
Бир сутка ичинде эмдөөдөн 2 849 адам өткөн. Андан 1 460ы вакцинанын биринчи дозасын, ал эми 1 389 адам экинчи дозаны алган. Эмделгендердин саны өлкөдө 1 миллиондон ашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0