Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүПаркта сары клен жалбырактары
Паркта сары клен жалбырактары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
Жазылуу
10-ноябрда республика боюнча күн ачык болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Шаршембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +11...+16, ал эми Теңир-Тоодо +3...+8 градус жылуу болот. Борбор калаада күндүн табы +10...+12 градуска көтөрүлсө, Ош шаарында +12...+14 градусту көрсөтүп турары болжолдонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0