Исаков Эсенгул Байдалиевич — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба партии "Азаттык"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Азаттык" Эсенгул Исаков
Кандидат в депутаты ЖК от партии Азаттык Эсенгул Исаков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Жазылуу
Эсенгул Исаков 1955-жылы 2-июлда Кемин районунун Борду айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция факультетин, 2015-жылы КР ТИМинин академиясын аяктаган.
1993-1994-жылдары Айыл, суу чарба министрлигинин алдындагы Айылдык ишкерлерди жана менеджерлерди даярдоо Институтун бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 1976-1978 — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарчасында Кыргыз тоо-металлургиялык комбинатынын (КТМК) автобазасында айдоочу;
  • 1978–1980 — КТМКда слесарь-наладчик;
  • 1980–1988 — КТМКда жогорку разряддагы кремний монокристаллын кесүүчү оператор;
  • 1988–1990 — Чүй облусунун Кемин районундагы "Кызыл-Суу" совхозунун комплекстүү аренда бригадасынын бригадири, башкы чабан;
  • 1990–1995 — "Дыйкан" чарбасынын жетекчиси;
  • 1994-1995 — Жер жана агрардык реформа боюнча фонддун төрагасынын орун басары;
  • 1996-1999 — Чүй облусунун Кемин районундагы Алмалуу айыл кеңешинин төрагасы;
  • 1999-2001 — Кемин районунун Кыймылсыз мүлктөрдү каттоо жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын башчысы;
  • 2001-2003 — өз алдынча башкаруу жана региондорду өнүктүрүү министринин кеңешчиси;
  • 2005-2009 — Айыл, суу чарба министрлигинин жер жана кооперация боюнча бөлүм башчысы;
  • 2009-2010 — "Кеңеш Ордо" уюмунун укуктук-аналитикалык жана маалымат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2010-2015 — Жогорку Кеңештин депутаты;
  • 2015-2018 — "Элдин көзөмөлү" коомдук уюмунун төрагасы;
Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кенешчиси.
Жаңылыктар түрмөгү
0