"Мигранттардын чабуулунун" анык себеби

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүБеларусь менен Польшанын чек арасындагы мигранттар
Беларусь менен Польшанын чек арасындагы мигранттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
2015-жылы Азия жана Африканын калкынын Европага карай бет алган жаңы толкуну көтөрүлгөн, быйыл да Европа биримдигинин саясатчылары эки анжы абалда турат.
Бир жагынан ар ким өзүн ойлойт, ал эми мамлекеттин өз жарандарынын алдындагы милдеттемелерине чек араларды коргоо да кирет. Мигранттарга жылчыксыз жабык дегендик эмес, бирок соңку сөздү – белгилүү бир учурда же киргизбөө тууралуу өлкө бийлиги гана сүйлөөгө тийиш.
Эгер бийлик мигранттардын кысымы алдында алсыз болсо, андай мамлекеттин дарамети шек туудурат. Ошондуктан белгилүү жагдайда өлкө өз чек араларын, анын ичинде күч менен болсо да коргоосу шарт. Экинчи тараптан Европа биримдиги адам укугун өз саясатынын өзөгү катары жарыялаган. Европаны бөлөк өлкөлөрдөн айырмалап турган ушул өзгөчөлүк. Европа куугунтукталган жана муктаж адамдарга баш калкалаар жерге айланган. Максим Соколовдун мигранттар тууралуу азыркы кырдаал тууралуу макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
Эгер мындай айкөл принципти жар салышса – жакшы, бирок кабактары салыңкы, аны менен катар шайыр меймандарды киргизүү — европалык мамлекеттердин милдети. Кабыл алып тим болбостон, багуу да алардын мойнунда. Ангела Меркелдин "колубуздан келет" (2015-жылы) дегени бар.
Беларусь менен Польшанын чек арасындагы мигранттар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Каатчылыктан качып кутулбас. Качкындар боюнча кыйын кырдаалга кептелген Европа
Азыркы түзүлгөн кырдаалдын көйгөйү түштүктөн агылган меймандар Беларустан Литва жана Польша аркылуу бардар мамлекеттерге умтулууда. Албетте, баарына Лукашенкону айыптоого болор, кантсе да азыркы жагдайга кандайдыр тиешеси бар. Бирок беларустук президент болбогон күндө да табияттын мыйзамы ушул – "аккан суу арык табат".
Европага тиешелүү (жалгыз Европа эле эмес) эки дүйнөлүк согуштун ортосундагы доордун тарыхы бар. Чыгармаларда жазылгандай: "Согуш маалында жана андан кийинки жыйырма жылда бир катар өлкөлөрдө мамлекеттик төңкөрүштөр болгон. Алар көптөгөн адамдарды өз жерин таштай бөтөн өлкөгө качууга мажбур кылган. Ошентип көп улуттук эмиграция жүргөн.
Үтүрөйгөн адамдар кайда барышпасын "чакырылбаган конок" болушкан. Жер жана жумуш улуттар арасында бөлүштүрүлгөн. Жаңы келген жөндөмдүү адамдарга зарылган өлкө калган эмес. Тескерисинче, чар тарапта иш жана нанга муктаж бөтөн жердиктерди жеришкен. Иштетмек тургай дем алууга зорго уруксат этишкен. Куугунтуктоодогулар ким экендигин тастыктоо да кыйынга турган, ал эми бул алардан кутулууга өлкөлөргө жакшы шылтоо болгон. Жанында кагазы жок адамдарды жандармалар түнкүсүн чек ара аркылуу коңшу өлкөгө кетирип салышса, кошуна мамлекет аларды байкатпай кайра берки жакка түрткөн". Бүгүн да ЕБ аймагында ушундай көрүнүш болуп отурат.
"Сент-Луис" лайнеринин 1939-жылы 13-майда Гамбургдан чыккан жүргүнчүлөрүнүн тагдыры тарыхта өзгөчө окуялардан. Кеме кубалык визасы бар 900 немец еврейин ташып бараткан. Гаванга жеткен маалда документтер жокко чыгарылганы аныкталат.
Жүргүнчүлөр АКШдан, Канададан көмөк сурайт. Бирок эки өлкө тең чарбалык абалдары оор экенин себеп кылып, иммиграциялык квоталардын баары эбак тандалганын айтып, жардам бере албайбыз дейт.
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Путин: мигранттардын аларды көздөй агылганына Европа өлкөлөрү өздөрү күнөөлүү
27-майда Гаванга келген "Сент-Луис" 6-июнда кайра артка кайтат. Баары бүттү деп кол шилтеп калган маалда "Жойнт" еврей уюму кеменин жүргүнчүлөрүнө башка европалык өлкөлөрдүн жээгине түшүүгө уруксат алып берет. 287 кишини Улуу Британия, 224үн —Франция, 214тү — Бельгия жана 181ди — Голландия кабыл алууга макул болот. Бул окуядай белгилүү болбогон учурларда качкындар тагдырына моюн сунгандан башка аргасы калбаган. Маселен, швейцариялык инстанциялардын: Das Boot ist voll — "кайык толду", башкача айтканда, өлкө баарын батыра бергидей чоюлчаак желим эмес деген таризде алакан жайып койгон. Анткен менен качкындарды кабыл алгысы келбеген жалгыз Швейцария эмес эле. 1938-жылдын жайында Франциянын Эвиане курорттук шаарында Үчүнчү рейхтен нары карай агылган еврей качкындары боюнча демократиялык державалардын конференциясы өткөн. Анын катышуучулары да ушундай маанайда болушкан. Баарынан кызыгы, демократиялык эмес Испания, Португалия, Иран кээде аларга, еврей качкындарына, алда канча камкор болушкан.
Кылымдын кайгылуу чейрегинин жыйынтыгында – 1919–1945-жылдардан кийин үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнөн келген экономикалык мигранттарга камкордук көрүлүп: жеңилдик, жөлөк пул, жагымдуу абал түзүлө баштаган.
Эки согуш аралыгындагы баягы адамгерчиликсиз мамиле кийин өзгөрүп, өз мекенинде корко турган жагдайлар жоюлуп калган качкындарга бир топ жакшы турмуштук шарттар сунулган. Бул кадыресе көрүнүшкө айланган. Болбосо ошол жүрөк тилген жылдары алардын башына эмнелер гана келген жок...
Бирөөлөр азабын тартып, жыргалын башкалар көрөт. Бул жарыктын түзүмү ушул окшобойбу. Сыягы, европалык укук коргоо гуманизминин маңызы да ушунда көрүнөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0