Кыдыршаев Алтынказы Карыпович — өмүр баяны

© SputnikБиография кандидата в депутаты
Биография кандидата в депутаты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Алтынказы Кыдыршаев 1965-жылы 22-январда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында туулган. Жогорку билимдүү.
Билими:
  • 1988-1993 ― СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн;
  • 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудит" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 1993-1995 ― Фрунзе мал чарбасында бухгалтер, башкы бухгалтер;
  • 1995-1998 ― "Жанар-Спецтехника" ишканасында башкы бухгалтердин орун басары, башкы бухгалтер;
  • 1998-2000 ― "Жанар-Спецтехника" ишканасында каржы маселелери боюнча директор;
  • 2000-2003 ― "Жанар-Спецтехника" ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу;
  • 20003-2005 ― Аламүдүн райондук аймактык ооруканасында башкы бухгалтер;
  • 2006-2007 ― Өкмөткө караштуу атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча улуттук агенттикте башкы адис;
  • 2007-2010 ― Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаментинде жетектөөчү адис;
  • 2011-жыл, август-декабрь ― "Түндүк электр" ишканасынын коммерциялык директору;
  • 2015-2016 ― Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттигинин каржы бөлүмүнүн башчысы;
  • 2016 ― "RoLA дан азыктары" фабрикасында башкы бухгалтер;
  • 2018-2020 ― "Нарынгидроэнергострой" ААКсында ревизор;
  • 2020-жылдан бери "Аудит Максат" ЖЧКсында аудитор.
Жаңылыктар түрмөгү
0