Пашинян: Ереван Баку менен тынчтык келишимин түзүүгө даяр

© Фото / Пресс-служба МИД РФ / Медиабанкка өтүүАрмениянын премьер-министри Никол Пашинян. Архив
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2021
Жазылуу
Пашинян тынчтык келишимине кол коюу демилгесин алгач Армения көтөрүп, бул сунушту көптөн бери айтып келе жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армения Бакуга тынчтык келишимин түзүүнү сунуштап келе жатканын парламентте билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Биз Азербайжанга тынчтык келишимин түзүүнү сунуштадык жана сунуштап келе жатабыз. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин ишмердүүлүгүнүн максаты да тынчтык келишимин түзүү болуп саналарын билдирдик", — деди Пашинян.
Анын айтымында, бул маселе бардык сүйлөшүүлөрдө көтөрүлгөн.
"Азербайжандын "Арменияга тынчтык келишимине кол коюуну сунуштадык, бирок жооп ала элекпиз" дегени таң калычтуу. Биз бул боюнча дайыма айтып келе жатабыз. Бул Азербайжандын демилгеси эмес. Биз толук кандуу сүйлөшүү процесси тууралуу сөз кылгандан кийин, демек, тынчтык келишимине кол коюуну да сунуштап жатабыз", — деген Пашинян.
Армениянын премьер-министри алгач документтин текстин сүйлөшүп алуу керектигин айтып, ал көп убакытты аларын белгилеген.
Эске салсак, Тоолуу Карабахтагы кырдаал 2020-жылдын 27-сентябрында курчуган. Армения менен Азербайжан аскерлери дароо эле куралдык тирешүүгө өткөн. Согуштук чырдын башталышына Армения менен Азербайжан бири-бирин айыптап келет.
2020-жылдын ноябрь айында Армения, Азербайжан жана Россиянын лидерлери Тоолуу Карабахтагы куралдуу тирешти токтотуу боюнча келишимге кол коюп, ал 10-ноябрда күчүнө кирген.
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Россия өлкө башчысы Борис Ельцинди “Манас” аэропортунан тосуп жаткан учуру. Бишкек, 1991-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Бишкек Карабах согушун 26 жылга токтоткон. Баку — Ереван тирешинин белгисиз тарабы
Документке ылайык, Агдам району менен Газах районундагы аймак 2020-жылдын 20-ноябрына чейин Азербайжанга кайтарылган. Ошондой эле Арменияга 15-ноябрга чейин Кельбаджар районун, 1-декабрга чейин Лачын районун Азербайжанга өткөрүп берүү милдети жүктөлгөн.
Көп өтпөй Тоолуу Карабахтын жана Лачин коридорунун чек арасына Россиянын эки миңге чукул тынчтык орнотуучулары жайгашкан. Алар ал жакта беш жыл бою кызмат өтөп, зарыл болгон учурда бул мөөнөт узартылары айтылган болчу.
Негизи Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдуу облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылдары куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0