Садыр Жапаров: ишкер же инвесторго кысым көрсөткөндөрдү катуу жазалайбыз!

© Фото / пресс-служба президента КРКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы ишкерлерге мамлекеттик органдан тарта уюшкан кылмыштуу топторго чейин салык салып, тоскоолдук жаратарын белгилеген.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кимде-ким ишкерлерге жана инвесторлорго кысым көрсөтсө кызматына же погонуна карабай катуу жазалайбыз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Президент бизнес көйгөйлөрдү мамлекеттин колдоосу жок жеңе албай турганын айтып, ишкердикти өнүктүрүү менен бюджеттин кирешесин көбөйтсө болорун белгиледи.
"Ишкерлердин ийгилиги экономикага оң таасирин тийгизет. Бул бизге социалдык чөйрөдө, коопсуздук маселелеринде, экологияда, адамзат капиталын жакшыртууда жана башка багытта алдыга коюлган башка маселелерди толук кандуу чечүүгө мүмкүндүк берет. Тилекке каршы, мамлекеттин учурдагы экономикалык абалы иш жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей жатат. Инвестицияларды тартуу, экономиканын өсүшү өлкөнү өнүктүрүү үчүн негизги фактор болуп саналат", — деди Жапаров.
Ал азыркы тартылган инвестициялардын көлөмү абалды түп-тамырынан жакшыртуу үчүн дээрлик жетишсиз экенин айтып, ишкерлерге мамлекеттик органдан тарта уюшкан кылмыштуу топторго чейин тоскоолдук жаратарын белгилеген.
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Садыр Жапаров акча кымырган энергетиктердин бир схемасын ачыктады
"Криминалитет тарабынан коркутууга туш болгон ишкерлер унчукпоого мажбур болушат, ошондой эле укук коргоо органдарына кайрылуудан коркушат, анткени аларга ишенишпейт. Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын жана кызыкчылыктарын толук кандуу, мыйзамдуу коргоонун жоктугунан алар ар бир келген адамга мыйзамсыз акча төлөп жатышат. Салык жана бажы мыйзамдарындагы айрым кемчиликтер дагы ишкерлердин укуктарына зыян келтирүүдө", — деген президент.
Мамлекет башчы бүгүндөн баштап ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын бузган мамлекеттик, өзгөчө көзөмөл жана укук коргоо органдарынын бардык жетекчилери жоопкерчиликке тартыла турганын эскерткен.
"Азыр кимде-ким ишкерлерге жана инвесторлорго кысым көрсөтсө, ал кимдин тууганы, ага-иниси же куда-сөөгү болбосун, катуу жазаланат. Кайсы кызматты ээлегенине же кандай форма кийип, кандай погон тагынганына карабайбыз. Бул силердин дайыма курсак тойгузуп турган бекер жайытыңар эмес", — деген ал.
Жапаров бийлик ишкерлерге жана инвесторлорго максималдуу жардам көрсөтүүгө милдеттүү экенин белгилеп өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0