Төлөйкөн шайлоо округунан эң көп добуш алган талапкер

© Sputnik№8 Толойконский
№8 Толойконский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады.
Анын ичинен Ош облусундагы №8 Төлөйкөн шайлоо округунан Нурбек Алимбеков добуштардын 42,04 пайызын алып (52,24 пайыз саналып бүткөндө), атаандаштарын артта калтырды. Шайлоого беш талапкер аттанган.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот. 
Жаңылыктар түрмөгү
0