Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кенжематова: кышкы туризмдин потенциалы боюнча Кыргызстан Орто Азияда алдыда

© Sputnik / Асылбек БактыбековЗамдиректора Департамента туризма при Минэкономики Кыял Кенжематова
Замдиректора Департамента туризма при Минэкономики Кыял Кенжематова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова кышкы туризм боюнча Кыргызстан Орто Азияда алдыда турарын айтты.
Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча Швейцария өкмөтү менен бирге ири долбоор башталып жатат. Мындай маалыматты Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кенжематова: кышкы туризмдин потенциалы боюнча Кыргызстан Орто Азияда алдыда
Анын айтымында, тоо лыжа базаларында түзүлгөн шарт, Кыргызстандын жаратылышы жылдан-жылга өлкөгө келген туристтердин санын көбөйтүүдө.
"Пандемияга байланыштуу өлкөдөгү туризмдин 80 пайызга жакыны жабыркады. Учурда абалды калыбына келтирүүгө бардык аракеттер көрүлүп жатат. Алсак, быйыл кышкы туристтик сезондун ачылышына көп эс алуучу катышты. Демек, Кыргызстандын жаратылышы дүйнө элинин көңүлүн буруп, жылдан-жылга туристтердин агымы көбөйүүдө дегенди билдирет. Биз кышкы туризм боюнча Орто Азияда алдыда турабыз. Чет элдик коноктор үчүн бардык шартты түзүп бергенге атайын пландар бар. Мисалы, Швейцария менен биргеликте кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоор түзүп, алардын тажрыйбасын өлкөдө колдонууга мүмкүнчүлүк ачылды", — деди Кенжематова.
Ошондой эле адис өлкөнүн региондорунда тоо лыжа комплекстерин куруу боюнча да иштер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0