Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовНациональная библиотека им. Осмонова в Бишкеке
Национальная библиотека им. Осмонова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2021
Жазылуу
5-декабрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жекшембиде күндүз Чүйдүн айрым райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9...+14, Талас жергесинде +6...+11, Ысык-Көл чөлкөмүндө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -3...+2 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +10...+12 жана Ош калаасында +11...+13 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0