Бишкекте сайма саюу боюнча чемпионат өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАял кийим тигип жатат. Архив
Аял кийим тигип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.12.2021
Жазылуу
Чемпионаттын алкагында белдемчилердин дефиле сынагы болору айтылды. Анда мыкты белдемчи ээсине белектер берилет.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкекте үчүнчү ирет республикалык "Сайма чемпионаты — 2021" иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу "Кийиз дүйнө" коомдук фонду кабарлады.
Билдирмеге караганда, иш-чара 19-декабрь күнү саат 11:00дө Улуттук тарых музейинде башталат. Чемпионатты "Кийиз дүйнө" коомдук фонду Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Улуттук тарых музейинин колдоосу менен уюштурмакчы.
"Сынак сайманы кайрадан жандандыруу, сактоо жана жайылтуу максатында өткөрүлмөкчү. Сайма чемпионатына Кыргызстандын бардык аймактарынан сайманын "керме" түрүн билгендер катыша алат", — деп айтылат маалыматта.
Шарттары:
  • Катышуучунун баракчасын толтуруп, уюштуруучуларга 0708 32-62-64 номерине жиберүү керек;
  • Ар бир катышуучу белдемчи кийип келүүсү шарт;
  • Ар бир катышуучу керме сайма саюуга керектүү кергич, шибегени ѳзү менен ала келет;
  • Ар бир катышуучу берилген убакыт аралыгында темага жараша өзүнүн оюусун чийип, анан сайма сайып чыгышы керек.
Чемпионаттын алкагында белдемчилердин дефиле сынагы болору айтылды. Анда мыкты белдемчи ээсине белектер берилет.
Иш-чарага каттоо 19-декабрга чейин уланары кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0