Благодыренко: Sputnik Кыргызстан — Евразия мейкиндигиндеги эң креативдүү команда!

© Sputnik / Жоомарт УраимовSputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кызматкерлери
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.12.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин сайтына күнүнө 130 миң, айына 2,5 миллион уникалдуу окурман кирет. Социалдык тармактагы колдонуучулардын саны 1,5 миллиондон ашты.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik маалымат кызматы. 2014-жылдын 10-декабрь күнү өз ишин баштаган Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу бүгүн жети жылдыгын белгилеп жатат. Бул аралыкта ал аты көп аталган, колдонуучулар көп кирген, ишенимге ээ болгон алдыңкы ЖМКлардын катарына кошулду.
Сайтка күнүнө 130 миң, айына 2,5 миллион уникалдуу окурман кирет. Социалдык тармактагы колдонуучулардын саны 1,5 миллиондон ашты.
Андрей Благодыренко, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары:
© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүү"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко
Заместитель главного редактора МИА Россия сегодня Андрей Благодыренко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редакторунун орун басары Андрей Благодыренко
"Биздин Кыргызстандагы редакциябыз Евразия мейкиндигиндеги эң креативдүү жамаат десем, Sputnik агенттигинин башка редакциялары таарынбайт деп ойлойм. Ал тургай алар мени толугу менен колдооруна ишенем. Эң кызыктуу долбоорлор, мультимедиалык креативдүү чечимдер эмне себептен дал ушул Бишкектеги редакцияда пайда болорун айтуу кыйын. Менимче, буга жергиликтүү медиарыноктун сапаттуулугу, идеяга бай, өз ишин сүйгөн жамааттын кесипкөйлүгү себеп болсо керек. Москвадагы башкы кеңсенин негизги максаты — башка өлкөлөрдөгү дирекциялардын өнүгүшүгө болушунча шарт түзүп берүү. Sputnik Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктөрдү абдан жакшы пайдаланат".
Елена Череменина, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси:
© Sputnik / Жоомарт УраимовSputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина
Руководитель ИА Sputnik Кыргызстан Елена Череменина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина
"Sputnik Кыргызстан жаңыдан иштей баштаганда редакция кандай иш алып барарын толугу менен элестеткен эмеспиз. Болгону бул өз ишинин мыктысы делген адистерди топтодук. Тайманбастыгы үчүн аларга ыраазычылык билдирем! Ошол кездеги идеяга бай, иш дегенде ичкен ашын жерге койгон жамааттагы атмосфера көз алдыман кетпейт. Бул сапаттар сайтты кызыктуу жана окурмандын эсинде калгыдай кылды. Андан бери жамаат кеңейип, тажрыйбасы артты. Бирок кесиптештер дагы деле жаңы нерселерге умтулуусун токтоткон жок. Жамаатыбыздын энергиясы Мекенге болгон сүйүүдөй эле түгөнбөсүн!".
Sputnik Кыргызстан жети жыл ичинде 3 миң сүрөт түрмөк, 2 миң инфографика, 16 600 видео жана 200 миң макала жарыялады. Спорт, маданият, экономика, туризм, экология, билим берүү жааттарындагы 50дөн ашык иш-чарага медиа өнөктөш болуп берди.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда өнөктөш болуу Sputnik үчүн эң ири кызматташтык болуп калды. Анда Кыргызстан тууралуу промороликтер дүйнөдөгү 20 өлкөдөгү хабдарга жарыяланган.
 Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы даярдаган калердарь - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Улуттук кийимчен түшкөн сүрөтүңүз барбы? Sputnik Кыргызстан сынак жарыялады
Sputnik Кыргызстан өлкө имиджин, маданиятын, тарыхын, тилин өнүктүрүүгө чоң салым кошуп келет. Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романынын 27 сааттык аудиокитеби даярдалып, билим берүү системасынын өкүлдөрүнө, мугалимдерге таратып берилген.
2016-жылы Sputnik "Кыргызстанга саякат", "Ажайып Кыргызстан" долбоорлорун ачып, өлкөнүн туристтердин кызыгуусун жараткан кооз жерлери тууралуу маалымат чогулткан. Кийин алар англис тилине которулуп, sputniknews.com (Trip to Kyrgyzstan) жана ria.ru ("Путешествие по странам СНГ и Балтии") сайттарына жайгаштырылган. Алардын миллиондогон аудиториясы бар.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисттери мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жана туризм темасындагы мыкты макалалары үчүн сыйлыктарга ээ болгон.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчилиги менен жамааты салттуу кийимдер боюнча долбоордун катышуучуларына ыраазычылык билдирди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.10.2021
Sputnik салттуу кийимдер долбоорунун катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан — ондогон мамлекетке жайылган эл аралык маалымат агенттиги жана радиосунун бир бөлүгү. Sputnik дүйнө жүзү боюнча 30дан ашык тилде маалыматтарды жеткирет. Өзүнө аналогдук жана санариптик радиоберүүлөрдү, мобилдик тиркемелерди, социалдык тармактардагы баракчаларды камтыйт. Колдонуучулар үчүн Sputnik күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде маалымат берет. Sputnik "Россия сегодня" медиа тобуна кирет, башкы кеңсеси Москва шаарында жайгашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0