Өкмөт: Кытайдан эртең 1,5 миллион доза Sinopharm келип түшөт

© AP Photo / Juan KaritaSinopharm вакцинасы. Архив
Sinopharm вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Жазылуу
Кытай Sinopharm вакцинасын Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүдө гуманитардык жардам катары бере турганы кабарланды.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Эртең Кыргызстанга Кытай өндүрүшүнөн чыккан Sinopharm вакцинасынын кезектеги партиясы жеткирилет. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"1,5 миллион доза препаратты Кытай Саламаттык сактоо министрлигине гуманитардык жардам катары берет", — деп айтылат маалыматта.
Вакцинаны ташып, сактай турчу эки автомуздаткыч берилди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Министрлик вакцинаны ташып, сактай турчу эки автомуздаткычтуу болду
Кытай буга чейин Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын бир нече ирет берген.
Ал эми сентябрда президент Садыр Жапаров менен жолуккан Кытайдын тышкы иштер министри Ван И алар Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр экенин айткан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0