Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Жумаканова: Кыргызстан боюнча жалпы 19 лаборатория иштеп жатат

© Sputnik / Адилет ИмановНачальник Центра лабораторных испытаний Госсанэпиднадзора Айгуль Жумаканова
Начальник Центра лабораторных испытаний Госсанэпиднадзора Айгуль Жумаканова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жазылуу
Санитардык-эпидемиологиялык департаменттин Сыноочу лабораториялык борборунун жетекчиси Айгүл Жумаканова өлкө аймагындагы лабораториялар акыркы эки жылдын ичинде 2 миллион 112 миң 280 ПЧР-анализ жасаганын айтты.
Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча жалпы 19 лаборатория ПЧР-анализин жүргүзүү менен коронавирус инфекциясын аныктоо жаатында иш алып барып жатат. Анын 13ү мамлекеттик лаборатория болсо, калганы менчик. Бул тууралуу Айгүл Жумаканова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Жумаканова: Кыргызстан боюнча жалпы 19 лаборатория иштеп жатат
Анын айтымында, учурда лабораториялар ПЧР, ИФА анализдерин, GeneXpert, GeneXpress ыкмаларын жана экспресс-антиген тесттерин жүргүзүүдө.
"Коронавирус пандемиясы башталган учурда өлкөдө Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Ош санэпидкөзөмөлдөө лабораториясы болуп эки гана лаборатория болгон. 2020-жылдын февралында ДССУнун эксперти Мая Станович эки лабораториянын базасын көрүп, анализдер туура ыкмада жүргүзүлүп жатканын айткан. Ошентип июнь айында шашылыш түрдө алты лаборатория ачканга жетиштик. Мобилдик лабораториялар Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Баткенде, кийин Нарында ачылды. 2020-жылдын аягында 13 лаборатория иштеп калды. Туристтик сезон башталганда Ысык-Көлдө борбор ачылды. Жеке менчик лабораторияларды да ишке тартууга мажбур болдук. Алар экинчи класстагы патогендүү вирустар менен иштөөгө укуктуу эле. Ал эми коронавирус үчүнчү класстагы патогендүү вирус болгондуктан Бонецкий жана AquaLab лабораториясына уруксат берилди. Кийин Intelmed, Gemotest, Аmsbiolab, "Экспресс плюс" лабораториялары кошулду. Учурда Кыргызстан боюнча жалпы 19 лаборатория иш алып барып жатат", — деди Жумаканова.
Ал лабораториялар 2021-жылдын апрель айында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер ичинде иштеген система "COVID-19суз саякаттайм" мобилдик тиркемесине кошулганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0