Алп манасчыларды убагында тартып калган Океев менен Борбиев. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Sputnik / Александр Федоров Манас айтып отурган 71 жаштагы Каба Атабековдун сүрөтү 1995-жылы Чүй облусундагы жайлоолордун биринде тартылган
Кыргызстанский известный манасчи Каба Атабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Манас айтып отурган 71 жаштагы Каба Атабековдун сүрөтү 1995-жылы Чүй облусундагы жайлоолордун биринде тартылган.
Ал жылы белгилүү кинорежиссер Нуртай Борбиев "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата кыргыз элинин эпосу жөнүндө "Ошондо Манас деп ураан чакырып" аталышындагы даректүү тасма тарткан. Кинофильмдин көркөм жетекчиси Төлөмүш Океев эле.
Ошол кезеңди кинофотограф Александр Федоров мындайча эскерет.
"Кесиптешим Алимжан Жоробаев экөөбүз кинокартина тартылып жатканда кичине катышып калганбыз. Ал жылдары ата мекендик кинематография каралбай, каржыланбай калгандыктан биз киностудиядан кетип калган элек. 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгына карата мамлекет тарабынан кичине акча бөлүнүп Нуртай Борбиев "Ошондо Манас деп ураан чакырып", Мелис Убукеев "Манас ааламы" аталышындагы фильмин экрандаштырган. Сүрөттөгү манасчы Каба Атабеков биринчисинде тартылган. Ал эмгектерде көптөгөн манасчылар сүрөткө, киного тартылган. Көпчүлүгү дүйнөдөн өтүп кетти", — деди Федоров.
Киночулар аталган кинокартинанын үстүнөн жарым жылдай иштеп, Хакасия, Түркия, Сауд Аравияга чейин барып тартышкан.
Эске сала кетсек, "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө салтанаты беш күнгө созулуп, ага 70ке чукул мамлекеттен өкүлдөр, эл аралык уюмдун башчылары келген.
Москвадагы Кызыл аянтта тасма тартып жаткан кинорежиссёр Геннадий Базаров менен оператордун ассистенти Марат Сигбатулиндин сүрөтү 1976-жылы тартылган - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Базаров бактысын тапкан тасма. "Көздүн карегиндеги" таберик сүрөт
Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиев, уулу Есентур, небереси Эсен жана чөбөрөсү Таир-Кемалдын сүрөтү, 2010-жылы, Бишкек шаарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Усубалиевдердин төрт мууну: Турдакун, Есенкул, Эсен, Таир-Кемаль. Таберик сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0