Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кожоев: Россиянын ЖОЖдору 2022-2023-окуу жылына 500 бюджеттик орун бөлөт

© Sputnik / Асель СыдыковаБилим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башкы адиси Эрлан Кожоев
Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башкы адиси Эрлан Кожоев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташуу жана өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын башкы адиси Эрлан Кожоев учурда 2022-2023-окуу жылына Кытай менен Венгриянын ЖОЖдорунан бөлүнгөн орундарга сынак жүрүп жатканын айтты.
2019-2020-жылкы статистикалык маалымат боюнча алсак, Россиянын жогорку окуу жайларында 16 миңден ашык студент билим алат. Анын жарымы бюджеттик орундарда окуйт. Көбү инженердик жана техникалык кесиптерге басым жасайт. Бул тууралуу Эрлан Кожоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Кожоев: Россиянын ЖОЖдору 2022-2023-окуу жылына 500 бюджеттик орун бөлөт
Анын айтымында, Билим берүү министрлиги Европа мамлекеттери (Италия, Польша, Чехия, БАЭ ж.б.) менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бюджеттик орундарды алууга аракет кылууда.
"Билим берүү жана илим министрлиги чет өлкөлөрдүн министрликтери менен жогорку окуу жайлардан квоталарды алуу боюнча аракеттерди көрүп жатат. Учурда 2022-2023-окуу жылына Кытай (17 стипендиялык орун, 8-январга чейин) менен Венгриянын (16-январга чейин) ЖОЖдорунан бөлүнгөн орундарга сынак жүрүп жатат. Венгрияда окууга бөлүнгөн квота ушул жылдан баштап 150дөн 200 орунга көбөйтүлдү. Министрлик бир нече мамлекеттердин ЖОЖдору менен кызматташуу боюнча келишимдерге кол койду. Алсак, 2020-2021-жылдары РФтин жогорку окуу жайлары кыргызстандыктарга 375тей бюджеттик орун бөлсө, келерки окуу жылы 500 квоталык орун берет. Быйыл март айында өлкө башчысы Казакстанга иш сапары менен барганда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар документтерге кол койгон. Жыйынтыгында Казакстандын окуу жайларынан да 50 орун алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат", — деди Кожоев.
Ал быйыл биринчи жолу Өзбекстан мамлекети 100 бюджеттик орун бөлүп, сынакты жеңген кыргызстандыктар учурда билим алып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0